Новосибирск облусунун вице-губернатору мигранттардын балдарын «Юнармияга» жөнөтүүнү сунуштады

Новосибирск облусунун вице-губернатору жана аймактык саясат министри Андрей Клюзов мигранттардын балдарын орус коомчулугуна аралаштыруу үчүн «Юнармияга» жөнөтүүнү сунуштады. Бул тууралуу «KSOnline» басылмасы жазды.

Клюзов окуучуларынын көбүн мигранттардын балдары түзгөн Хилокс районундагы №66 мектепти мисал келтирди. «Бул мектепте жакынкы өлкөлөрдөн келген балдар көп окуйт, алар орус тилин жакшы билбеши мүмкүн. Мындан улам жергиликтүү үй-бүлөлөр балдарын башка мектептерге берүү үчүн алып кетип жатышат» деди Клюзов «Сибирь – эр жүрөктүүлүк аймагы» аттуу концепцияга арналган басма сөз жыйынында.

Анын айтымында, мигранттардын балдарынын социалдык жана маданий адаптациясына байланышкан көйгөйлөрдү чечүүнүн натыйжалуу жолу – аларды «Юнармияга» жөнөтүү жана баарына милдеттүү түрдө аскердик-патриоттук тарбия берүү.

№66 мектеп – Новосибирсктеги эң эски мектептердин бири. Андагы окуучулардын 75% жакынын мигранттардын балдары түзөт.

Буга чейин Орусияда мигранттардын балдарын мектепке кабыл алууда орус тилинен милдеттүү сынак тапшыртуу сунушу жазылган мыйзам долбоору Мамлекеттик Думага киргизилген. Орусия президентинин алдындагы Колдонмо экономикалык изилдөөлөр институту жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, Орусиядагы мугалимдердин 53% мигранттардын балдарында орус тилин жана жалпы билим берүү предметтерин өздөштүрүүдө көйгөйлөр бар экенин белгилешкен.

Өткөн аптада Мамдумадагы ЛДПР фракциясынын депутаттарынан турган топ мигранттардын Орусияга үй-бүлө мүчөлөрүн алып кирүүсүн чектей турган мыйзам долбоорун сунуштаган.

«Адатта мигранттардын үй-бүлөлөрү бул жерде иштебейт же мыйзамсыз иштешет. Алар биздин тилди билбейт, үйрөнгүлөрү да келбейт, топтошуп жашап, бүтүндөй бир кичи райондорду ээлеп алышкан. Алар биздин өлкөдө бала төрөп, түрдүү төлөмдөрдү алып жатышат. Мигранттардын балдары бала бакчалар менен мектептердеги орундарды ээлеп алууда. Мунун баары биздин жарандар төлөгөн салыктын эсебинен түзүлүп, иштеп жатат да!», – деген партиянын лидери Леонид Слуцкий.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты