Новопокровка айылындагы оорукананын имараты мамлекеттин менчигине кайтарылды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 2010-жылы жеке тараптар менчиктештирип алган Ысык-Ата районунун Новопокровка айылындагы айылдык участкалык оорукананы мамлекеттин менчигине кайтарып берди.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы маалымдады.

Жүргүзүлгөн текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө оорукананын ээси  өз ыктыяры менен базар баасы 315 млн.111 миң сомдон ашык 10618 м2 жер тилкесин 2525 м2 административдик имараты менен мамлекеттин кирешесине өткөрүп берди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты