Ноокаттагы селде казакстандык төрт бала каза болду

  • 3 месяца мурун

Ош облусунун Ноокат районундагы селден кийин дайынсыз болуп жаткан дагы эки казакстандык баланын сөөгү табылды.

Бул тууралуу Казакстандын тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам штабына шилтеме кылып билдирди.

Казак ТИМинин маалыматына караганда, учурда Казакстандын бийлиги балдардын сөөгүн мекенине жеткирүү үчүн зарыл болгон процедураларды баштап, документтерди ыкчам түрдө топтоп жатат.

«Казакстандык дипломаттар каза болгондордун жакындарына болушунча жардам көрсөтүүдө. Төрт баланын сөөгү жакынкы убактарда өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын учагы менен мекенине жеткирилет» деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Буга чейин Казакстан ӨКМи Кыргызстандагы селде каза болгондордун арасында эки казакстандык бала бар экенин кабарлаган.

28-июнда катуу селден кийин Ноокат районунда өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. Райондо сел 10го жакын кишинин өмүрүн алды.

Сүрөт: RF/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты