Ноокаттагы сел: Каза болгондордун саны 10го жетти

  • 3 месяца мурун

Ноокаттагы селдин кесепетинен каза болгондордун саны 10го жетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусуттук башкармалыгынын башчысынын орун басары Замирбек Эрмаматов билдирди.

“Тилекке каршы азыркы убакта жок болуп жаткан алты жарандын денеси табылып, азыр машине жөнөтүлүп райондук ооруканага алып кетишти. Жалпы 10 адамдын денеси табылды”, — деди Эрмаматов.

Сел жүргөн аймактарда жарандарды куткаруу жана коопсуз жайга көчүрүү жумуштары жүрүүдө.

Мындан сырткары, жергиликтүү бийлик менен бирге сел жүргөн аймактарда жабыркаган жарандарга эки портер машина менен жеткирүүгө жөнөп кетишти.

Оштун Ноокат районундагы Кулатов айыл аймагында 28-июнда саат 16:10до нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Абшыр-Ата айылында Шаран-Сай сел өтүүчү сай аркылуу сел жүргөн. Сел көпүрөлөрдү, электр мамычаларды агызып, 10 турак үйдүн короосуна кирген.

Исанов, Көк-Жар, Абшыр Ата айыл аймактарда 9 900 турак үй бар, анын ичинен 185 үй сайдын жээгинин үстүндө жайгашкан.

Сел суулары нугунан ашып, сайдын ичинде эс алып отурган  7 адамды сел суусу агызып, 5 адамдын сөөгү табылган. 2 адамды издөө иштери уланууда.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты