Ноокатка Өзбекстандан 95 тонна гумжардам келди

  • 3 месяца мурун

Ош облусунда Ноокат районунун селден жабыр тарткан тургундарына 3-июлда Өзбекстандан 95 тонна азык-түлүктөн турган гуманитардык жардам келди.

Анда 24 тонна ун, 12 тонна күрүч, 10 тонна кумшекер жана башка да азык-түлүк бар.

Жалпы 12 көпүрөнү сел алып, 19 чакырымдан ашык жолду суу каптаган.

Акыркы эки жумада Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында селден кеминде 16 адамдын өмүрү кыйылды. Ташкындаган суу мал-жандыкты агызып, ички жолдор жана көпүрөлөр жарактан чыкты.

28-июнда Ноокаттагы селде 10 адам каза тапкан, алардын сегизи жашы жете элек бала болгон.

30-июнда Кара-Кулжа районунда селге аккан автоунаада ата-энеси менен чогуу эки бала каза тапкан.

Өткөн аптанын башында Баткен облусунун Кадамжай районунда беш жаштагы бала селге агып, чарчап калган.

Андан мурдараак Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 10 жаштагы тестиер селге агып, набыт болгон.

20-апрелден 1-июлга чейин Кыргызстанда жалпысынан 236 жолу сел жүрүп, анын чыгымы 170 миллион сомдон ашканын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев өкмөттүн жыйынында билдирди.

Буга чейин Ноокатка Казакстандан да гуманитардык жардам келген.

Сүрөт: RF/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты