Ноокат: Селдин кесепетинен каза болгондордун саны 8 киши экени расмий кабарланды

  • 2 месяца мурун

Ноокат районунда жалпысынан селдин кесепетинин каза болгондордун саны 8 адам деп 29-июнда расмий маалымдалды.   

Апшыр-Ата айылындагы селден 29-июнда дагы бир аялдын сөөгү табылды (аты-жөнү такталууда).

Каза тапкандарын көпчүлүгү өспүрүмдөр, 2013-жылы, 2016-жылы, 2008-жылы, 2012-жылы, 2013-жылы төрөлгөн балдар, дагы бирөө 2005-жылы туулган.

28-июнда төрт, 29 -июнда эки баланын сөөгү табылган. Дагы бир ал кишинин сөөгү табылган.

Учурда тактоо иштери уланып жаткандыгы жана кошумча маалымат берилери белгиленди.

Буга чейин Ноокаттагы селдин кесепетинен каза болгондордун саны 10го жеткенин “Азаттыкка” өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облустук башкармалыгынын башчысынын орун басары Замирбек Эрмаматов билдирген. Бирок расмий түрдө каза болгондордун саны 8 киши экенин өзгөчө кырдаалдар министрлиги 29-июнда билдирди.

Оштун Ноокат районундагы Кулатов айыл аймагында 28-июнда саат 16:10до нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Абшыр-Ата айылында Шаран-Сай сел өтүүчү сай аркылуу сел жүргөн. Сел көпүрөлөрдү, электр мамычаларды агызып, 10 турак үйдүн короосуна кирген.

Исанов, Көк-Жар, Абшыр Ата айыл аймактарда 9 900 турак үй бар, анын ичинен 185 үй сайдын жээгинин үстүндө жайгашкан.

Сел суулары нугунан ашып, сайдын ичинде эс алып отурган  7 адамды сел суусу агызып кеткендиги маалымдалган.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты