Ноокат: Сел каптаган үйлөр, короолор тазаланууда

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 30-июнда, Ош облусунун Ноокат районунда сел жүргөн жердердеги үйлөр куткаруучулар тарабынан тазалануу улантылууда.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.   

Ноокат районунун Исанов айыл аймагынын Тескей-Кожоке айлынын Алсалуу-Сай  сайынын сел түшкөн жерлерде 25 үйдүн короо-сарайына, балдар бакчасына сел суусу кирген.

Гулистан айыл аймагында 4 үйдүн короо-сарайларына жана үч турак үйгө сел кирген. Учурда сел каптаган үйлөр тазаланып жатат.   

Ноокат районундагы Кулатов айыл аймагында 28-июнда саат 16:10до нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Абшыр-Ата айылында Шаран-Сай сел өтүүчү сай аркылуу сел жүргөн. Сел көпүрөлөрдү, электр мамычаларды агызып, 10 турак үйдүн короосуна кирген.

Исанов, Көк-Жар, Абшыр Ата айыл аймактарда 9 900 турак үй бар, анын ичинен 185 үй сайдын жээгинин үстүндө жайгашкан.

Сел суулары нугунан ашып, сайдын ичинде эс алып отурган  7 адамды сел суусу агызып кеткендиги маалымдалган.

29-июнда каза болгондордун саны 8 киши экени айтылды.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты