Ноокат: 14 жашар баланы медресенин окуучусу учтуу нерсе менен сайып, жабырлануучу каза тапты

  • 1 неделя мурун

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Мирмухамедов айыл аймагындагы медресеге дем салдырууга келген 14 жашар Ш.Ф.ны ал жакта окуган 16 жашар М.М. учтуу нерсе менен сайып жиберип, жабырлануучу каза тапты.

Маалыматты Ош облустук ички иштер башкармалыгы (ИИБ) ЖМКга тастыктады. Бул кылмыш иши облустук ИИБ тарабынан каттоого алынып, кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси, адам өлтүрүү боюнча териштирүү башталганы маалымдалды.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы каза тапкан бала дем салдыруу үчүн медересеге үч күнгө келгенин жана бул каргашалуу окуяны иликтөө боюнча жумушчу топ түзүлгөнүн кабарлады.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан      

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты