Непал: Сел кырсыгынан улам 100дөн ашык киши каза тапты

  • 7 дней мурун

Непалда сел кырсыгында жүздөн ашык каза тапты жана 60тан көп кишинин дайыны чыкпай жатат.

Өткөн жума күндөн бери тынбай нөшөрлөп жааган жаандан улам суу ташыган.

Болжол менен үч миңден ашык тургун коопсуз жайга көчүрүлдү. Селден улам жер көчкү коркунучу көбөйдү.

Ташкын каналдарды, канализацияларды жууп кетти, электр энергиясы менен камсыздоо үзгүлтүккө учурады.

Непалдын борбор шаары Катманду баштаган бир катар аймактарда мектептердеги окуу убактылуу токтотулду. Жергиликтүү бийлик караңгыда машина менен жүрүүгө тыюу салды.

Синоптиктер жаан бери дегенде шейшембиге чейин токтобошу мүмкүн экенин эскертип жатат. Куткаруу иштерине миңдеген полиция кызматкери, ыктыярчылар тартылды.

Непалда муссон маалында жылда сел жана жер көчкү жүрөт. Бирок соңку кездери кырсыктын кесепети өсүп баратат. Окумуштуулар муну климаттын өзгөрүшү, Дүйнөлүк океан ылдам бууланып, абанын тез нымдашканы, анын негизинде жаан-чачын көбөйгөнү менен байланыштырып келет.

Сүрөт: AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты