Нарындын Куланак айылында сел жүрдү

  • 1 месяц мурун

Нарын районунда кечээ, 6-августта, саат  21:30 чамасында нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Куржылга, Ичке жана Куланак коктуларынан сел жүрүп, Куланак айылындагы 42 турак үйдүн короо жайларын, ички чарбалык жолдорду каптап, чарбалык көпүрө жабыркаган.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Жерине ӨКМдин Нарын районунан 5 куткаруучу мотопомпа менен тартылган. Алар үч  турак үйдүн короо жайын жана бир үйдүн ичин жана жертөлөсүнөн сууларды сордуруп, тазалап беришкен.

Калган турак үйлөрдүн көпчүлүгүнүн короосуна кирген суулар жерге сиңип кеткен. Ал эми бүгүн, 7-августта, Жарандык Коргонуу кызматтары, куткаруучулар тарабынан тактоо жана тазалоо иш-чаралары улантылууда.

Архивдик сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты