Нарында мушташтан 64 жаштагы киши каза болду

  • 2 недели мурун

3-сентябрда Нарын облусунун Кочкор районунда 64 жаштагы киши мушташтын айынан каза болгон. Бул тууралуу 24.kg агенттиги маркумдун туугандарына жана Нарын облустук милициясына таянып, жазды.

Маркумдун туугандарынын айтымында, окуя Исакеев айылынын жанындагы талаада болгон.

«Агабыз үч айылдашы менен талаага барган. Ал жерден алар спирт ичимдиктерин ичишип, агабыз ичимдик ичкен шериктеринин бири менен уруша кеткен. Ал тууганыбызды өлтүргөнчө сабаган. Окуянын башка катышуучуларынын айтымында, бири мушташ баштала электе кетип калса, экинчиси чырдын ортосунда жардам сурап кеткен имиш. Бирок биз ага ишенбейбиз»,-деп айтып беришкен туугандары.

Ал эми Нарын облустук милициясынын айтымында, 3-сентябрь күнү саат 14:35 чамасында Кочкор райондук милиция бөлүмүнө бир киши келип, кампанын жанындагы талаада эки адам мушташып кетишкенин, алардын бири каза болушу мүмкүн экенин билдирген. Окуя болгон жерге ыкчам-иликтөө тобу дароо барып, зомбулуктан улам болгон өлүмдүн белгилери менен адамдын жансыз денесин табышкан. Ал Исакеев айылынын 64 жаштагы тургуну Д.К болуп чыккан.

Шектүү катары маркум менен мушташа кеткен 42 жаштагы М.Ч. кармалган. Ал мас абалында болгондугу такталган. Аталган факт боюнча «Адам өлтүрүү» беренесинин негизинде иш козголгон.

Милициянын маалыматында, кармалган жаран кылмышын мойнуна алган. Анда ал талаада ичимдик ичип жатышканда ортолорунда уруш чыгып кетип, маркумду сабап салганын айткан. Тергөө уланып жаткандыгы айтылды.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты