Нарында эмдөөдөн кийин үч жашар бала чарчап калган. Министр ишти өз көзөмөлүнө алды    

  • 2 месяца мурун

Нарын шаарында эмдөөдөн кийин үч жашар С.У.нын чарчап калгандыгы боюнча ата-энелердин кайрылуусу социалдык тармактарга тараганына байланыштуу саламаттыкты сактоо министрлиги билдирүү таратты.

“Бул ишти иликтөө үчүн саламаттыкты сактоо министрлигинин алдында атайын комиссия түзүлүп, 2021-жылы туулган С.У.га көрсөтүлгөн медициналык жардам жана эмдөө тууралуу иштерин текшерүүгө киришти. Комиссиянын иликтөөсүнүн жана соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы кошумча көрсөтүлөт.Бул иш КРнын саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин көзөмөлүнө алынды” деп айтылат билдирүүдө.

Саламаттык сактоо министрлиги чарчап калган баланын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Баланын апасы Мээрим Эсенакунова, чоң апасы, атасы Азамат Акматов Фейсбук социалдык тармагы аркылуу тирикарак Умар аттуу уулунун эмдөөдөн кийинки абалы, ооруканадагы кыйналганы тууралуу айтып, териштирүүнү суранып кайрылган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты