Нарында аялына бычак сайган деп кармалган адам 2 айга камалды

  • 2 недели мурун

Нарын шаарында аялын бычак менен сайып жиберди деп кармалган 42 жаштагы жаран Нарын шаардык сотунун 1-сентябрдагы чечими менен убактылуу кармоочу жайга эки айга камалды. Бул тууралуу «Азаттык» Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматына шилтеме жасап, жазды.

Маалыматта айтылгандай, милиция шектүү 31-августта Нарын шаарындагы Он-Арча базарындагы ашканада ашпозчу болуп иштеген 41 жаштагы жубайын ашкананын ичинен өзү көтөрүп жүргөн маки (бүктөмө бычак) менен сайып жибергенин билдирген. Укук коргоо кызматкерлери аны ошол эле күнү кармап кетишкен.

Ал эми жабырлануучу Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын хирургия бөлүмүнө жаткырылган.

Азыркы учурда социалдык тармактарда ашкананын видеокөзөмөл камерасына түшүп калган шект аялын бычак сайган окуянын тасмасы тарап, коомдо кызуу талкууланып жатат.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты