Нарын шаарында тоолуу аймактарды өнүктүрүү маселеси талкууланды

  • 1 день мурун

Президенттин Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык иш-аракеттерди ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова Нарын шаарында тоолуу региондорду өнүктүрүүнүн беш жылдыгын ишке ашыруу жол картасын талкуулоого катышты.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат берилди.

“Тегерек үстөлдүн жүрүшүндө жергиликтүү тургундардын катышуусу менен тоолуу аймактардагы табигый кырсыткардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу чаралары, тоо экосистемаларын өнүктүрүүгө, туруктуу башкарууга жана адаптацияга багытталган демилгелер, долбоорлор жана стратегиялар талкууланды” деп айтылат маалыматта.

Садыр Жапаровдун жарлыгы менен 2023-2027-жылдар Тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдыгы деп жарыяланган.  Ошондой эле Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-ноябрындагы токтому менен анын концепциясы жана жол картасы бекитилген.

“Тегерек үстөлдүн жүрүшүндө жергиликтүү тургундардын катышуусу менен тоолуу аймактардагы табигый кырсыткардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу чаралары, тоо экосистемаларын өнүктүрүүгө, туруктуу башкарууга жана адаптацияга багытталган демилгелер, долбоорлор жана стратегиялар талкууланды” деп айтылат маалыматта.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты