Нарын облусунун Салык башкармалыгынын кызматкерлери кармалды

  • 2 недели мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) мамлекеттик Салык кызматынын  Нарын облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянат пайдаланып, Нарын шаарынын май куюучу жайларында күйүүчү-майлоочу майларды сатууда салык төлөөдөн качкан жеке ишкерлерге жеңилдиктерди беришкен, натыйжада мамлекетке 9 млн 134 миң сом зыян келтирилгендигин билдирди.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматынын маалыматында айтылгандай, аталган фактынын негизинде 24-сентябрда Мамлекеттик салык кызматынын Нарын шаары боюнча башкармалыгынын салык көзөмөлү жана карызды өндүрүү бөлүмүнүн башчысы М.М.Э. жана ошол эле бөлүмдүн инспектору М.Ж.М. кармалды.

Учурда ушул сыяктуу жана башка кылмыштарга тиешеси бар башка салык кызматкерлерин аныктоо иштери жүрүп жатат.

Нарын облусунун Салык башкармалыгынын кызматкерлери кармалды
Нарын облусунун Салык башкармалыгынын кызматкерлери кармалды

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты