Нарын дарыясына түшүп кетти деген өспүрүм кызды издөөгө 44 киши чыкты
- 20 часов мурун
Нарын дарыясына кулап кетип, дайынсыз болуп жаткан өспүрүм кызды издөөгө бүгүн, 6-ноябрда, жалпы 44 адам тартылды.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.
ӨКМдин Нарын шаардык №16 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 10 куткаруучу, Ак-Талаа райондук ӨКБдан 5 куткаруучу, ИИМден 22 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 7 адам болуп, жалпы 44 адам тартылды.
Нарын шаарында 2-ноябрь күнү Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөдөн 2007-жылы туулган Т.Э. аттуу кыз Нарын дарыясына секирип кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ошондон бери издөө уланууда.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү