Нарын дайрасына түшүп кеткен кызды издөөгө 23 киши тартылды
- 5 дней мурун
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдиргендей, бүгүн, 10-ноябрда, нарын дайрасына секирип кетти деген өспүрүм кызды издөөгө жалпы 23 киши тартылды.
Ак-Талаа райондук куткаруучулар эки топко бөлүнүп, Ак-Тал айылынан баштап, Нарын дарыясын жээктеп батышты карай Үгүт айылын көздөй издешти.
Нарын шаарынын куткаруучуларынын биринчи тобу Жаңы-Жол тилкесинен Ак-Кыя тилкесин көздөй Нарын дарыясын жээктеп батышты, экинчи топ Ак-Кыя тилкесинен Жаңы-Жол тилкесин көздөй Нарын дарыясын жээктеп, чыгышты көздөй издөө иштерин жүргүзүшүүдө.
Нарын шаарында 2-ноябрь күнү Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөдөн 2007-жылы туулган Т.Э. аттуу өспүрүм кыз Нарын дарыясына секирип кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Ошол күндөн бери издөө иштери жүрүүдө.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү