Нарын дайрасына секирип кеткен кызды издөөгө  70тен ашык киши чыкты

  • 2 дня мурун

Бүгүн, 3-ноябрда, Нарын дайрасына секирип кетти деген кызды издөө иштерин улантуу максатында өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) Нарын облусу боюнча башкармалыгынан 10 куткаруучу, Нарын шаардык бөлүмүнөн 32 куткаруучу, ички иштер министрлигинен (ИИМ) 25 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 10, жалпы 77 киши тартылган.

Кечээ 2-ноябрь күнү Нарын шаарындагы Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөдөн Нарын дарыясына жаш кыз секирип кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Кечээ күнү ӨКМден 35 куткаруучу, ИИМден 48 кызматкер жалпы 87 адам издөө иштерин саат 21:55ке чейин жүргүзгөн.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты