Мындан ары жол эрежесин бузган чыгырык айдоочулардын тиркемелери блоктолот

  • 2 месяца мурун

Бишкек шаарында жыл башынан бери чыгырык (самокат) айдагандардын жана велосипед тепкендердин айынан 192 адам жабыр тарткан.

Мындан улам чыгырык айдоого жаңы эрежелер киргизилди.

Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын шаардык бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган кызмат чыгырыкты ижарага берген компаниялардын жетекчилери менен жыйын өткөргөн. Анда самокаттар менен болгон кырсыктарды болтурбоо, самокат айдагандардын коопсуздук маселелери каралган.

Анда чыгырыкты  ижара берген тараптарга тапшырмалар берилген. Ага ылайык, чыгырыкка жарыгы бар жеке номурларды орнотуу, жол эрежесин бузган колдонуучунун жеке аккаунтун блоктоп коюу тапшырмалары берилген. Ошондой эле чыгырыкты ижарага алуу тиркемесинде чыгырык айдоого тыюу салынган жерлерди кызыл менен белгилеп коюу жана ылдамдык чегин киргизүүнү карап чыгуу тапшырылды.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты