Мыйзамсыз алтын казуу менен алектенген төрт жаран кармалды  

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Майдан айыл аймагынын “Ничкесу” кенинен алтын рудасын мыйзамсыз алып чыгууга тиешеси бар адамдар аныкталды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

УКМК тарабынан аларга кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту, өзгөчө ири өлчөмдө уурдоо боюнча кылмыш иши козголду.

Маалыматта айтылгандай, тергөө иштеринин жүрүшүндө жалпысынан тереңдиги 2 метрден 5 метрге чейин, туурасы 3 метр, узундугу 57 метр болгон алтын кени казылганы аныкталган. 

29-июлда Баткен райондук сотунун чечими менен мыйзамсыз алтын казуу менен алектенген төрт жаран кармалып, 2 айга тергөө абагына киргизилди.

Иликтөө иш-чаралары улантылууда.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты