Мурдагы Нарын эт комбинатынын төрт гектар жери мамлекеттин менчигине кайтарылды

«Нарын эт комбинаты» акционердик коомунун жалпы аянты 4 га жер тилкеси жана анын аймагында жайгашкан имараттары Нарын шаарынын мэриясынын балансына кайтарылганын Улуттук коопсуздук мамлеккеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

“Жер аянтынын болжолдуу баасы 114 млн.500 миң сомду түзөт.

“1999 жана 2000-жылдары «Нарын эт комбинаты» мамлекеттик акционердик коомунун кыймылсыз объекттери Б.И.Б жараны тарабынан өлкөнүн мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен төмөндөтүлгөн баалар боюнча жеке менчикке чыгарылгандыгы аныкталган. 2002-жылы Нарын шаардык башкармалыгы тарабынан Б.И.Б.ге Нарын эт комбинатынын жер участогуна ээлик кылуу укугу бекитилген” деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда жергиликтүү бийлик органдары тарабынан аталган аймакта эки өнөр жай ишканасын (завод) куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу пландаштырылууда.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты