Мугалимди мазактагандарды жоопко тартуу тууралуу мыйзам долбоору Конституцияга каршы келеби? (Фактчекинг)

Жогорку Кеңеш мугалимди мазактагандарды жоопко тартуу тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.  “Балдардын укугун коргоочулар лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекова Фейсбуктагы баракчасына бул мыйзам долбоору БУУнун Балдар конвенциясына жана Конституцияга карама-каршы келерин жазды.

Мугалимди мазактагандарды жоопко тартуу тууралуу мыйзам долбоору Конституцияга каршы келеби? (Фактчекинг)

Мыйзам долбоорунун маңызы

Бул мыйзам долбоорунун демилгечилери депутат Аманкан Кенжебаев, Мирлан Самыйкожо жана Улан Бакасов.

Мыйзам долбоору мугалимдерге карата мазактоо, жаман сөз айтуу, адепсиз жүрүм-турум, кордоп тийишүү жана адепсиз жаңсоолорду, нерселерди көрсөтүү түрүндөгү мамиле үчүн жоопкерчиликти белгилөө максатында иштелип чыкканы жазылган.

Мыйзамда кандай чаралар каралган?

Педагогикалык кызматкерге карата сыйлабастык мамиле (мазактоо, жаман сөздөр, адепсиз жаңсоолорду көрсөтүү жана башка) 3000 сом (12 жаштан 16 жашка чейинки жашы жете элек адам тарабынан жасалган учурда 2000 сом) өлчөмүндө айып пул салынат.

Укук бузуу кайталанса 5000 сом өлчөмүндө айып пул же 3 суткадан 5 суткага чейинки мөөнөткө администрациялык камакка алуу (12 жаштан 16 жашка чейинки жашы жете элек адам тарабынан жасалса 4000 сом) менен жазаланат.

Мугалимди мазактагандарды жоопко тартуу тууралуу мыйзам долбоору Конституцияга каршы келеби? (Фактчекинг)

Бул мыйзам долбооруна 63 депутат “макул” деп, 10 эл өкүлү каршы деп добуш беришти.

Мугалимди мазактагандарды жоопко тартуу тууралуу мыйзам долбоору Конституцияга каршы келеби? (Фактчекинг)

“ПолитКлиника” медиасы бул мыйзам долбоорунун Конституцияга жана БУУнун Балдар конвенциясына кандайча каршы келээрин текшерип көрдү.

БУУнун Балдар конвенциясынын 3-беренесинде балдарга карата бардык аракеттерде мамлекеттик же жекече мекемелер, соттор, административдик же мыйзам чыгаруу органдары тарабынан колдонулгандыгына карабастан биринчи кезекте баланын таламдарын эң мыкты камсыздоого көңүл бурулат деп жазылган. 

Кыргыз Республикасы бул конвенцияга 1994-жылдын 12-январындагы № 1402-XII токтому менен кошулган. 

Мугалимди мазактагандарды жоопко тартуу тууралуу мыйзам долбоору Конституцияга каршы келеби? (Фактчекинг)

Ал эми өлкөнүн Конституциясынын 20-беренесинде  балалык коомдун жана мамлекеттин коргоосунда турары көрсөтүлгөн.

Мугалимди мазактагандарды жоопко тартуу тууралуу мыйзам долбоору Конституцияга каршы келеби? (Фактчекинг)

Назгүл Турдубекова билдирүүсүндө депутаттарды Коституцияга жана БУУнун балдар конвенциясына каршы келген мыйзам долбоорун колдоонун ордуна зомбулукка кабылган балдарды коргоого чакырган. Ал белгилегендей, балдардын 83 пайызы мектепте, 72 пайызы үйүндө зомбулукка кабылышат. Январь айында Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова 2021-жылы 417 жаш бала зордук-зомбулукка кабылганын айткан.

Жыйынтык: “Балдардын укугун коргоочулар лигасынын” жетекчиси Назгүл Турдубекова Фейсбуктагы баракчасына бул мыйзам долбоору БУУнун Балдар конвенциясына жана Конституцияга карама-каршы келерин билдирген. БУУнун Балдар конвенциясына жана Конституцияда балдар коомдун, мамлекеттин коргоосунда болушу керектигин көрсөтүлгөнү анык.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты