Мугалим болуп иштөөгө тыюу салган оорулар тууралуу токтом долбоору коомдук талкуудан алынды

  • 3 месяца мурун

Кыргызстанда жарандардын мугалим болуп иштешине тыюу салган кылмыштардын жана оорулардын тизмеси каралган токтом долбоору коомдук талкуудан алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоор талкуудан коомчулуктун нааразычылыгынан улам алынган.

Министрлик токтом долбоорун жаңыдан түзүлүп жаткан мекемелер аралык жумушчу топ кайрадан иштеп чыга турганын билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, «Билим берүү жөнүндө» мыйзамга ылайык, мектеп, бала бакчаларда иштөө укугун жокко чыгарган кылмыштардын жана оорулардын тизмеси милдеттүү түрдө бекитилүүгө тийиш.

Буга чейин Министрлер кабинети Кыргызстанда жарандардын мугалим болуп иштешине тыюу салган кылмыштардын жана оорулардын тизмесин коомдук талкууга койгону белгилүү болгон.

Документте оор жана өзгөчө оор кылмыш үчүн соттолгондор соттуулугу жоюлганына карабай педагогикалык ишмердүүлүк менен алектене албасы жазылган. Жалпысынан тизмеде 19 кылмыштын түрү бар.

Ошондой эле, токтом долбоорунда оорунун 32 түрү жазылып, ал дарт менен жабыркагандарга да мугалим болууга жол берилбей турганы белгиленген. Арасында нерв оорулары, тубаса кемтик, талма (эпилепсия), гипертония, аракечтик, баңгилик, гепатиттин өнөкөт түрлөрү, кургак учуктун ачык формалары, боор, бөйрөк, ревматизм жана башкалар бар.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты