Москвадагы «Сахарово» борборунда 78 кыргызстандык кармалып турат

  • 2 месяца мурун

Орусиянын «Сахарово» миграциялык борборунда 78 кыргызстандык кармалып турат.

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн адиси Жандарбек Айтназаров «Азаттыкка» билдирди.

Алардын — бешөө аял. Арасында беш айдан бери ушул борбордо отургандар бар.

Айтназаров ал жакта отургандар насыя же кылмыш иши козголгонуна байланыштуу кармалгандар экенин белгиледи.

«Бул жактын жарандыгын алып отурукташып, бала-чакалуу, неберелүү болуп калгандар бар. Алардын айрымдары армияга кетип, айрымдары Кыргызстанга качып жатышат. Ошондуктан абал турукташканга чейин Орусияга келгенден бир аз карманып турушса жакшы болот эле» деди Айтназаров.

Ал сентябрда Орусияда чет элдиктерге карата «Нелегал» деп аталган рейд болорун, буга байланыштуу кыргызстандыктарга кырдаал турукташканга чейин Орусияга барбай турууну сунуштады.

Айтназаровдун белгилешинче, чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу «Сахарово» борборунан былтыр бир жылда Кыргызстандын 1400гө жакын жараны депортация болгон. Быйыл алты айда 2800гө чукул кыргызстандык дал ушул жайдан кайтарылган. Орусия боюнча буга окшогон 76 борбор бар.

«Сахарово» борбору – Москванын четиндеги мигранттарды убактылуу кармоочу жабык мекеме. Орусиянын аймагынан мажбурлап чыгарууга туш болгон чет өлкөлүк жарандар мекенине кайтарылганга чейин ушул жайда кармалып турат. Аларга уюлдук телефонго видео тартууга, сүйлөшүүгө уруксат берилбейт жана ар төрт күндө кнопкалуу телефон аркылуу сүйлөшүүгө уруксат берилет.

Быйыл алты айда Орусияда иштеген 4700дөй кыргызстандык жаран эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине жардам сурап кайрылган. Аталган мекеме жарыялаган маалыматка ылайык, мигранттар өз укуктарын коргоо үчүн көмөк сурашкан. Алардын арыздары министрликтин Москвадагы өкүлчүлүгүндө каттоого алынган.

Расмий маалыматка ылайык, чет өлкөлөрдө миграцияда жүргөн кыргызстандыктардын саны 2024-жылдын биринчи кварталында 655,5 миң кишини түзгөн. Алардын — 400 миңден көбү Орусияда.

Архивдик сүрөт: AP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты