Москвада согушка мобилизациялангандардын жубайлары менен энелери акцияга чыкты

  • 2 месяца мурун

8-июлда Украинадагы согушка мобилизацияланган орусиялыктардын аялдары менен энелери Коргоо министрлигинин Москвадагы имаратынын алдына чогулушту.

Алар Орусиянын коргоо министри Андрей Белоусов менен жолугушууну, мобилизацияланган күйөөлөрүн, балдарын жана бир туугандарын кайтарууну талап кылып, талаптары аткарылмайынча кетпей тургандыктарын билдиришти. Алардын айтымында, Коргоо министрлиги мобилизациялангандарды жаңы кадрлар менен алмаштырып, фронттогу ротацияны камсыз кылышы керек.

Активисттер акцияга атайылап Орусияда Үй-бүлө күнү белгиленген 8-июлда чыгышканын айтышты.

Түшкө жакын бир нече активист Коргоо министрлигинин кабыл алуу бөлүмүнө чакырылып, мекеменин аткаминерлери, анын ичинде буга чейинки акцияларда тааныш болуп калган генерал-полковник Борисенко менен жолугушту. Чогулгандардын айтымында, аткаминерлер аларга «кандайдыр бир жеңилдиктерди» убадалап, бирок мобилизациялангандарды үйлөрүнө кайтаруу маселеси боюнча эч нерсе билдиришкен эмес. Активисттер мекеме өкүлдөрүнүн сөздөрү аларды канааттандырбаганын айтып, акцияны уланта тургандыктарын билдиришти.

Көп өтпөй имараттын алдындагы аянтка «Путиндин отряддары» катары белгилүү кремлчил активисттердин тобу келип, акция катышуучуларына суу жана балмуздак таратышты.

Түштөн кийин полиция кызматкерлери активисттерди эмес, аларды колдоо үчүн келгендерди, окуяга кызыгып топтолгондорду, ошондой эле журналисттерди күч менен тарата баштады. Укук коргоо кызматкерлери Sota Vision басылмасынын кабарчысын кармап кетишкени кабарланды. Полиция бөлүмүндө аны «ИИМ кызматкерлерине баш ийбөө» деген административдик берене менен иш козгойбуз деп коркутуп, бирок кечке жакын эч кандай протокол толтурбастан эле кое беришкен. Күбөлөрдүн айтымында, «Путиндин отряддары» адамдардын жолун тороп, полиция кызматкерлерине алдарды кармоого көмөктөшкөн.

8-июль күнү кечинде активисттер Коргоо министрлигинин алдында калып, аянтта түнөөгө даярданып жатышканын билдиришти. «Биз тажадык. Бизди алгачкы митинг учурунда угушкан эмес. Бүгүн, Үй-бүлө күнү жыйынтыкка жетүүгө аракет кылабыз. Каалоочулардын баары бизге кошулса болот. Бул жерде түнөөгө да даярбыз», – деди акция катышуучуларынын бири.

Согушка мобилизациялангандардын жубайлары менен энелери дээрлик бир жылдан бери пикеттерди өткөрүп, жакындарынын мөөнөтсүз кызмат өтөөсүнө каршылык билдирип келишет. Алар армияда ротация кылып, балдары менен күйөөлөрүн үйлөрүнө кайтарууну талап кылып жатышат.

Бийлик согушка мобилизациялангандардын жакындарынын акцияларына узак убакыт бою эч кандай реакция кылбай келген. Алар менен кез-кезде бийлик өкүлдөрү жолугуп, талаптарын кароону убадалашкан. Бирок бүгүнкү күнгө чейин алардын талаптарынын бири да аткарыла элек.

Сүрөт: Мобилизациялангандардын жакындарынын буга чейинки акциясы. Москва шаары, июнь айы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты