Москвада рейдден кийин ондогон мигранттарга аскерге чакыруу кагазы берилди

  • 4 недели мурун

Москвада башкы аскердик тергөө башкармалыгынын өкүлдөрү менен ички иштер министрлигинин кызматкерлери мыйзамсыз миграция фактыларын аныктоо үчүн рейд өткөрүштү. Бул тууралуу «Коммерсант» жазды.

Бул текшерүүнүн жыйынтыгында Орусиянын жарандыгын алган ондогон мигрантка аскерге чакыруу кагазы берилген.

Басылманын маалыматы боюнча, рейд Щелковская метросунун жанындагы автобекетте, жашылча кампасында жана Москванын чыгышындагы жатаканаларда болгон.

Буга чейин мындай текшерүүлөр Москва облусунун Серпухов жана Чехов шаарларында жүргүзүлүп келген: тергөөчүлөр аскердик каттоодо турбаган мурдагы он мигранттын тек-жайын аныкташкан деп билдирди башкармалык.

Орусиянын Мамлекеттик Думасы июлдун соңунда орус жарандыгын алгандан кийин милдеттүү түрдө аскердик каттоого туруу жөнүндө мыйзамды үч окууда кабыл алды. Аны сактабагандар жарандыктан ажыратылат. ИИМ кимге паспорт берилгенин дароо аскер комиссариаттарына кабарлайт.

Мындан кийин Орусияда мигранттарды текшерүү күчөгөн. Күч органдары Орусиянын жарандыгын алган мигранттарды кармап, аскердик каттоого алышкан. Былтыр декабрь айында чет элдик жарандар аскердик каттоодон качканы үчүн орус жарандыгынан ажыратыла баштаганы тууралуу маалыматтар чыга баштаган. Кеп Борбор Азиядан келген мигранттар жөнүндө болгон.

Сүрөт: Видеодон алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты