Москвада кармалган кыргызстандык келиндин баласы туугандарына берилди

  • 3 месяца мурун

Москвада жердештерин батирине чогуу жашатып алганы үчүн «Мыйзамсыз миграция уюштурууга» айыпталып кармалган кыргызстандык келиндин балдар үйүнө алынган 1,5 жашар баласы туугандарына өткөрүп берилди. Бул тууралуу келиндин адвокаты Эрлан Токтосунов «Азаттыкка» билдирди.

Бала келиндин бир тууган эжесине берилген. Буга Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү жана Мовква шаарындагы Башкы консулдук көмөктөшкөн.

Москвада полиция кыргызстандык келинди «Мыйзамсыз миграция уюштурууга» айыптап кармап, анын 1,5 жашар баласын балдар үйүнө алып койгонун 26-июнда жазылган.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, ушул тапта 410 миңден ашуун кыргызстандык жаран Орусияда.

Министрлик кыргызстандык мигранттардын саны соңку жылы Орусияда, андан кийин Түркияда кыскарганын билдирген.

Орусияда мигранттардын азайышына өлкөдө чет жактан келип иштеген жарандарга карата мыйзамдардын катуулашы негизги себеп болууда.

Орусиядагы мигранттарга мамиле жана эреже, талаптар Украинадагы согуш башталгандан кийин өзгөчө катаалдашты. Кыргызстан менен Орусия бир экономикалык уюмда — ЕАЭБде экенине карабай, кыргыз мигранттары тынымсыз текшерүүлөргө, басым-кысымга кабылганына даттанып келет.

Сүрөт: RF/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты