Москвада эки кыргызстандык зордуктоого шектелип кармалды

  • 2 месяца мурун

Москвада эки кызды зордуктаган деген шек менен Кыргызстандын эки жараны кармалды.

Бул тууралуу Тергөө комитетинин жергиликтүү башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, кыргызстандыктар «Топтошуп алып зордуктоо» беренеси менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалышкан.

Тергөөнүн версиясына ылайык, окуя 9-июлга караган түнү болгон. Мас абалындагы шектүүлөр Москвадагы батирлердин биринде жакшы тааныш эмес эки кызды зордукташкан. Шектүүлөрдүн бири бул кылмыштуу аракеттерин видеого тартып алган.

Ошондой эле тергөөнүн жүрүшүндө эки шектүү тең Орусияда жүргөндө миграциялык мыйзамдарды бузганы аныкталган.

Быйыл январда Кыргызстандын ошол кездеги башкы прокурору Курманкул Зулушев орус түрмөлөрүндө 1 167 кыргыз жараны жаза мөөнөтүн өтөп жатканын билдирген. Анда алардын 994ү мекенине которулуудан баш тартканы айтылган.

Сүрөт: TASS

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты