Москва шаарында Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгы белгиленет  

  • 2 дня мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Москва шаарына расмий сапар менен келди. 

Акылбек Жапаровду “Внуково 2” эл аралык аэропортунан Россиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин тосуп алды. 

МинКаб төрагасы расмий сапарынын алкагында Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы маданият күндөрүн майрамдоого арналган иш-чараларга катышат. 

Ошондой эле, эки мамлекеттин өкмөттөрүнүн биргелешкен жыйыны, эки тараптуу жолугушуулар жана кеңейтилген маданий программалар уюштурулат.

Расмий делегациянын курамында Министрлер кабинетинин мүчөлөрү,  президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик агенттиктердин директорлору бар.

Москва шаарында Кара-Кыргыз автоном облусунун 100 жылдыгы белгиленет  

Сүрөттөр: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты