Молдова: Президенттик шайлоонун экинчи туру өтөрү күтүлүүдө

  • 23 часа мурун

Молдовада президенттик шайлоодо талапкерлердин эч кимиси 50%дан өтөт алган жок. Өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы, президенттик шайлоонун экинчи туру өтөт дегенди билдирип турат.

Референдумда Европа Бирлигине кошулууну шайлоочулардын жарымы колдоду.

Бюллетендердин 98,29%ы саналып бүткөндөн кийин, президенттик шайлоодо учурдагы мамлекет башчы Майя Санду шайлоочулардын 41,92% добушун алды.

Добуштарды саноо учурунда президент Санду кылмыштуу топтор 300 миң добушту сатып алууга аракет кылгандыгын билдирди. Анын командасында өлкөдө болуп көрбөгөндөй бул алдамчылыктын далили бар экендиги белгиленди.

“Ал топтордун максаты демократиялык процесстерди үзгүлтүккө учуратуу, комдо коркунуч менен дүрбөлөңгө алып келүү” деп айтты Санду.

Протоколдордун 98%ы саналгандан кийинки маалымат боюнча, Молдованын Европа Биримдигине кошулуусу боюнча суроого 50, 03 %ы “ооба”, 49,97 %ы “жок” деп жооп берди.

Европа Биримдигине кирүүгө президент Майя Санду өзү да чакырган.

Кечээ, 20-октябрда, Молдовада президенттик шайлоо менен кошо Молдованын Европа бирлигине кирүүсү боюнча Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум да өттү.

Президенттикке талапкерлердин бир нечеси референдумга бойкот жарыялашкан, ал эми экинчи турга чыккан талапкер Александр Стояногло Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү жактабай тургандыгын билдирди.

Сүрөттө: Учурдагы президент Майя Санду. Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты