МинКаб төрагасы мамлекеттик карыздын негизги суммасын көбүрөөк төлөө алдында турганыбызды билдирди

  • 2 часа мурун

Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын 2025-жылга республикалык бюджети жана 2026-2027-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө” мыйзамдын долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Жогорку Кеңештин жыйынында жасаган баяндамасында, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров белгилегендей, 2026-2027-жылдарга экономисттердин прогнозу боюнча, 2027-жылы ички дүң продукция 2 трлнго жетет.  Ал эми   консолидацияланган бюджет 2025-жылга – 700,5 млрд сомго пландаштырылса, 2027-жылы – 743,3 млрд сомго жетет. 

МинКаб башчысы ошондой эле профицит 26 млрд сомду түзүп, бул каражаттар   Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу – 2025-жылга 2,4 млрд. сом, Камбар-Ата-1 ГЭСине 2025-жылга 1,6 млрд. сом коротулаарын кошумчалады. Мындан тышкары мамлекеттик карызды төлөөгө багытталарын белгилеп, буга чейин алынган карыздын негизги суммасын көбүрөөк төлөө алдында турганыбызды билдирди.  

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты