Министрликтин алдындагы борбор билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти болуп өзгөртүлдү

  • 3 дня мурун

Билим берүү жана илим министрлигинин Улуттук билим берүү сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялар борбору мекемесинин аталышы Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти болуп өзгөртүлдү.

Бул тууралуу чечимди Министрлер кабинети кабыл алынганы 13-сентябрдагы МинКаб жыйынында айтылды.      

Департамент мурдагыдай эле билим берүү жана илим министрлигине караштуу болот. Департаменттин иши өзүн-өзү каржылоо негизинде ишке ашырылат, республикалык бюджеттен кошумча каражат талап кылынбай тургандыгы белгиленди.   

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты