Министрлик ЖМК, соцтармактагы жалган маалымат үчүн айып салууну сунуштады

  • 3 недели мурун

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жалпыга маалымдоо каражаттарында, сайтта, сайттын социалдык тармактардагы баракчасында жалган маалымат тараткан жеке жактарга 100 миӊ сом, юридикалык жактарга 200 миӊ сом айып пул салуу сунушун берди.

“Укук бузуулар жөнүндө” кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу министрлик иштеп чыккан мыйзам долбоору 27-августта коомдук талкууга коюлду.

Документтин маалымкат-негиздемесинде долбоор коомдук кызыкчылыкты, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, маалыматтык коопсуздукту камсыздоо максатында жазылганы айтылат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жакында эле Интернеттеги жана жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жалаа жана мазактоо сөздөрү үчүн айып пул салуу демилгесин көтөрүп, мыйзам долбоорун даярдаган. Анда да жалаа жапкан жеке адамдарга 100 миң сом, ишканаларга 200 миң айып салуу каралган.  

Кыргызстанда 2021-жылы “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзам боюнча ЖМКга чыккан кайсы бир маалымат боюнча арыз түшсө Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги соттун чечими жок эле ЖМКнын ишин эки айга токтотуп, сайтын бөгөттөп коё алат.

Кыргызстан Freedom House, Human Rights Watch (HRW) сыяктуу бир катар эл аралык уюмдардын акыркы баяндамасында төртүнчү жылы катары менен “эркин эмес” мамлекет деп аталды. Буга өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары кысымга туш болгону негиз кылынган.

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын кайталап келет.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты