Министрлик Жапаровдун шайлоо штабынын орусиялык саясий технологдор менен байланышы боюнча материалды өчүрүүнү талап кылды

  • 2 недели мурун

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлиги “Новые лица” сайтынын “Марш на Бишкек. Как люди хозяина ЧВК Вагнера “помогали” избрать президента Кыргызстана” аттуу материалын 24 саатын ичинде өчүрүүнү талап кылды.

Мындай чечимди министрлик “Новые лицанын” башкы редактору Лейла Саралаевага жиберген. Материалда “саясий технолог Александр Малькевич (“Вагнер» жеке аскер компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин менен байланышта болгон) Садыр Жапаровдун шайлоо алдындагы кампаниясына жардам берген деген маалымат жалган  экени айтылат.  

Бирок өчүрүүнү талап кылуучулар маалыматтын жалган экендиги тастыктаган далил келтирген эмес.

Катта “Жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу”, “Анык эмес (жалган) маалыматтан сактоо тууралуу мыйзамдарда жалган маалыматты таратууга жоопкерчилик каралгандыгы айтылат.  

Материал 30-августта “Новые лица” сайтында жана “Клоопто” жарыяланган, анда Садыр Жапаровдун 2011-жылы шайланып калышына талапкердин шайлоо алдындагы кампаниясын ийгиликтүү жетектегендердин салымы болушу мүмкүндүгү айтылат. Лейла Саралаева ал шайлоо кмпаниясын Евгений Пригожиндин “Вагнер” жеке аскердик компаниясынын саясий технологдору болушу мүмкүн экенин билдирген.   

Министрлик Жапаровдун шайлоо штабынын орусиялык саясий технологдор менен байланышы боюнча материалды өчүрүүнү талап кылды
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты