Министрлер кабинети жайыттарды өнүктүрүү программасын бекитти

  • 1 месяц мурун

Министрлер Кабинети 2024-2029-жылдарга карата Кыргызстандын жайыттарын өнүктүрүү программасын бекитти. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, учурда жайыттардын үчтөн бир бөлүгүн уулуу, зыяндуу жана мал жебей турган өсүмдүктөр басып калган. Алардын ичинде тикенектүү алтыгана бадалы да жайыттарды басып кеткен.

Деградацияланган жайыттарды жакшыртуу үчүн иштелип чыккан бул программа климаттын өзгөрүү шарттарында жайыттарды сактоону жана жакшыртууну максат кылары айтылды. Ошондой эле жайыттарды натыйжалуу башкаруу аркылуу айыл калкынын жашоо деңгээлин жогорулатууну көздөөрү белгиленди.

«Жайыттарды өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына ылайык тиешелүү министрликтер, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине иштин жүрүшү жөнүндө маалымат берип турат, ал эми министрлик жарым жылдын жыйынтыгы боюнча жыйынды маалыматты Президенттин Администрациясына жөнөтүүсү керек»,-деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты