Министрлер кабинети уюлдук телефондорду каттоо зарылдыгын эскертти

  • 3 месяца мурун

25-июндан тартып Кыргызстанда мамлекеттик идентификациялоо системасында (МИС) мобилдик түзүлүштөрдү милдеттүү түрдө каттоо киргизилген.

Министрлер кабинетинин тиешелүү токтому 2022-жылдын май айында бекитилген.

Кыргызстандын рыногуна сатуу же башка ишкердикти жүзөгө ашыруу максатында ташып келинүүчү аппараттар импорттоочулар тарабынан милдеттүү түрдө катталууга тийиш. Ошондо, КР ичинде сатууга мыйзамдуу түрдө алынып келинген, колдонууга коопсуз жана IMEI-коду* боюнча катталган уюлдук телефондорго гана уруксат берилет.

*IMEI-код — бул SIM-картасы менен ар бир аппаратка ыйгарылган, анын идентификатору катары кызмат кылган эл аралык уникалдуу 15 сандуу номер.

Аппаратыңызды кантип текшерсеңиз болот?

Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо үчүн КР ичинде сатып алуу алдында милдеттүү түрдө IMEI-коду боюнча телефондордун аныктыгын жана МИСтеги каттоо статусун текшерүү зарыл. Мындай текшерүү төмөнкү ыкмалар менен жүзөгө ашырылат:

www.imei.kg сайтында

Телефондоруңузда *5656# атайын кыска кодун терүү менен

My Beeline, Mega 24, О! байланыш операторлорунун тиркемелери аркылуу

Жеке телефон аппаратын каттоо зарылбы?

Мындан ары Кыргыз Республикасынын рыногунда (анын ичинде дүкөн текчелери жана онлайн базарлар) МИС тарабынан катталган түзүлүштөрдү гана сатууга уруксат берилет. Ошондо, Кыргыз Республикасынын аймагында аппараттарды сатып алуучу адамдар аппараттарды өз алдынча каттоого муктаж эмес.

Бүгүнкү күндө жергиликтүү байланыш операторлорунун байланыш кызматтарын (SIM-карталарды) пайдаланган бардык уюлдук телефондор МИСде бекер каттоодон өткөн. Системанын толук масштабдуу ишке кириши менен бекер каттоо үчүн жөн гана аппаратыңызда Кыргыз Республикасынын байланыш операторлорунун (Mega, Beeline, O!) SIM-картасын активдештирүү жетиштүү.

Системаны ишке киргизгенден кийин Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жеке колдонуу үчүн сатылып алынган бардык уюлдук телефондор (мисалы, эгерде колдонуучулар чет өлкөдөн аппараттарды алып келишсе же аларды Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары онлайн булактардан, мисалы, Wildberries, Ozon, Amazon, Aliexpress ж.б ушул сыяктуу эл аралык базарлардан сатып алышса) www.imei.kg сайтында жарыяланган көрсөтмөлөргө ылайык катталууга тийиш.

Роумингде болгон (чет элдик байланыш операторлорунун SIM-карталарын колдонуу) түзүлүштөр каттоону талап кылбайт.

Кеңири маалымат алуу үчүн МИСтин веб-сайтына кириңиз: www.imei.kg

Юстиция министрлиги 25-июндан тартып Кыргызстанда уюлдук телефондорду милдеттүү түрдө каттоо башталарын белгилеген. Аталган маалыматта Юстиция министрлиги мындай чараны рынокту жасалма телефондордон коргоо, телефондордун уурдалышын жана телефон алдамчылыгын азайтуу максатында жүргүзүп жаткандыгы белгиленди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты