Эгемендүүлүк күнүнө карата аймактарда 40ка жакын өнөр жай ишканалары ачылары айтылды

  • 4 недели мурун

Кыргызстандын аймактарында Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана 31-август Эгемендик майрамына карата 39 өнөр жай ишканалары ачылары күтүлүүдө. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматында, кайсы облустарда кандай ишканалар ачылат?

Баткен облусунда 5 ишкана ачылат: 2 кичи ГЭС, кагаз баштыктарын чыгаруучу цех, көмүр казуучу ишкана, ошондой эле Чакуш кенин иштетүү боюнча иштер башталары айтылды.

Талас облусунда темир-бетон буюмдарын чыгаруучу кичи заводу ачылары пландалган.

Ош облусунда 8 объекттин ачылышы болот: муниципалдык тигүү цехи, асфальт заводу, курулуш материалдарын чыгаруучу 2 завод, кичи ГЭС, көмүр казуучу ишкана, ошондой эле Ачы участкасында көмүр брикеттерин өндүрүүчү завод, логистикалык борбор (курулуштун I этабы).

Чүй облусунда 13 ишкананын ачылышы пландалууда. Алар: курулуш материалдар комбинаты, курулуш материалдарын чыгаруучу завод, өндүрүш кубаттуулугун жогорулатуу менен текстиль фабрикасынын экинчи этабын ишке киргизүү, нефтини кайра иштетүүчү завод, таңгак чыгаруучу ишкана, алтын өлчөөчү куймаларды чыгаруучу завод, клинкер чыгаруучу завод, цемент заводу, бут кийим фабрикасы, керамзит чыгаруучу ишкана, минералдык жер семирткичтер заводу, “Миронов” кенинде полиметалл рудаларын казып алуу, ошондой эле Ак-Түз жана Бординский калдык сактоочу жайларын иштетүү иштери башталары айтылды.

Ысык-Көл облусунда 3 ишкана: таштандыларды кайра иштетүүчү завод, сүт азыктарын чыгаруучу ишкана, даяр асфальт аралашмасын жана темир-бетон буюмдарын чыгаруучу завод ачылат.

Нарын облусунда 4 ишкана: соода-логистикалык борбор, тигүү өндүрүш ишканасы, курулуш материалдарын чыгаруучу завод, эт комбинаты ачылат.

Жалал-Абад облусунда дизел отунун, бензин, битумду кайра иштетүүчү завод ачуу, ошондой эле “Эти Бакыр-Терексай” ЖЧК ишканасында жаңы алтын бөлүп алуу фабрикасын ачуу пландалган.

Бишкек шаарында жүк ташуучу унааларды чогултуу, нан жана ундан жасалган кондитердик азыктарды чыгаруу боюнча 2 ишкананын ачылары айтылды.

Ош шаарында текстиль чыгаруучу ишкана жана мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн кайра иштетүү жана сактоочу заводдун ачылары белгилүү болду.

«Мындан тышкары, үстүбүздөгү жылдын аягына чейин республика боюнча 130дан ашык өндүрүштүк жана социалдык объектилердин ачылышы күтүлүүдө»,-деп айтылат маалыматта.

Сүрөт: Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты