Министрдин орун басары Айбек Молдогазиев АКШнын элчиси Лесли Вигери менен жолугушту

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 3-июлда, тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев АКШнын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызмат билдирди.

Маалыматта айтылгандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-америка кызматташтыгынын күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты.

Тактап айтканда, үстүбүздөгү жылдын апрель айында Бишкек шаарында орун алган 6-жылдык эки тараптуу консультациялардын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну улантуу, соода-экономикалык мамилелерди жана банктар аралык байланыштарды өнүктүрүүгө көмөктөшүү, аймактык жана диалогдук “C5+1” жана аянтчанын алкагында кызматташууну жана климаттын өзгөрүшү маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Сүрөт: ТИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты