Милиция кызматкери Улан Өмүралиев Ысык-Көлдүн 16 чакырымын сүзүп өттү

  • 4 недели мурун

Кечээ, 20-августта, ички иштер министрлигинин (ИИМ) күзөт кызматынын ведомстволук милиция полкунун кызматкери Улан Өмүралиев Ысык-Көлдүн 16 чакырымын сүзүп өттү.

ИИМдин маалыматы боюнча Улан Өмүралиев Кара-Талаа айылынан таңкы саат 05:45те сүзө баштап, саат 14:30до Тору-Айгыр айылында ийгиликтүү аяктаган. Сүзүп өткөн суунун жалпы узундугу 16 чакырымды түзгөн.

Жээкте аны ИИМдин күзөт кызматынын башчысы Оролбек Акпаров, ИИМдин ведомстволук милиция полкунун командири Талант Райымбеков, Ысык-Көл облусу боюнча ички иштер бөлүмдөрдүн жетекчилери, өздүк курам, ата-энеси жана жакындары салтанаттуу түрдө тосуп алышкан.

Милиция кызматкери Улан Өмүралиев бул ийгилигин Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына арнаганын баса белгиледи.

Ошондой эле колдоо көрсөткөндөрдүн бардыгына, анын ичинде демөөрчү болгон “Nomad sport” менен “RestART” компаниясына ыраазычылык билдирди.

Сүзүүнү Ысык-Көл облусунун ИИБдин туристик-экологиялык милициясынын кызматкерлери коштоп жүрүшкөн.

Белгилей кетсек, быйыл кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө 100 жыл толот.

Сүрөт: ИИМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты