Милиция үйдө ызы-чуу салгандарды жазалоо укугун кеңейтүүнү сунуштады

  • 2 месяца мурун

Ички иштер министрлиги үйдө ызы-чуу салгандарды айып пул менен жазалоо укугун кеңейте турган мыйзам долбоорун коомдук талкууга койду.

Түшүндүрмөдө белгиленгендей, кылмыш-жаза кодексине толуктоолорду киргизүү жарандардын саламаттыгын чектен ашкан добуштардын зыяндуу таасиринен коргоо үчүн керек.

Айып пулдан түшкөн каражатка ызы-чуунун деңгээлин өлчөгөн жабдуу сатып алуу сунушталган. Документ коомдук талкууга 10-июлда коюлду.

Министрликтин түшүндүрмөсүнө караганда, көп кабаттуу үйдүн батириндеги отуруш же башка учурлардагы ашыкча бака-шака түшкөндөр же курулуш иштеринин добушу кошуналардын тынчын алат, бирок милицияга жана башка мамлекеттик органдарга түшкөн арыздардан майнап чыкпайт.

Долбоордун негиздөөчү документинде ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти адамдык жана каржылык ресурстардын жетишсиздигинен, ошондой эле сегиз сааттык жумуш күнүнөн улам жарандардын арыздарына убагында жооп бере албай жатканы айтылат.

Мыйзам кабыл алынса, ооруларды алдын алуу департаментинин жана ички иштер министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнө ызы-чуунун деңгээлин өлчөгөн приборлорду сатып алууга каражат керек болот. Расмий эсепте мындай жабдуунун бир даанасы өндүрүүчүсүнө жана моделине жараша 280 миңден 380 миң сомго чейин бааланат. Департаментке 50, милицияга 76 жабдуу сатып алуу үчүн 44 миллион сом керек болот.

Ички иштер министрлиги тиешелүү каражатты кылмыш-жаза кодексинин 82-беренеси («Калкты ызы-чуудан коргоо боюнча талаптарды бузуу») боюнча айып пулдардан түшкөн акчадан алууну сунуштайт. Кодекске ылайык, бул беренени бузгандыгы үчүн жеке жактарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 28 миң сом айып салынат.

Азыркы эрежелерге ылайык, үйлөрдө ремонт иштери жумушчу күндөрү эртең менен саат 10:00дөн 19:00гө чейин гана жасалышы керек. Саат 13:00дөн 15:00гө чейин тыныгуу болушу кажет.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты