Милиция Ирина Карамушкина менен Роза Турксевердин кармалганын маалымдады

  • 3 дня мурун

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы (ШИИБ) «Социал-демократтар» партиясынын штаб башчысы Ирина Карамушкина менен партиянын тарапташы Роза Турксевердин кармалышы боюнча билдирүү таратты.

Билдирүүдө «ушул жылдын 13-ноябрь күнү соцтармактарда «Социал-демократтар» партиясынын штаб башчысы Ирина Карамушкинанын Д.Ч. аттуу адам сүйлөшүүсүнүн аудиожазуусу пайда болгону, анда алар 17-ноябрь күнү өтө турган жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоодо учурунда, добушту сатып алуу маселелерин талкуулашканы» айтылган.

«Тергөө жана ыкчам-чараларынын жүрүшүндө, Т.Р. (ред. Роза Турксевер) аттуу жаран, «Социал-демократтар» саясий партиясынын расмий өкүлү – ишенимдүү адамы болуу менен шайлоо алдындагы штабдын координатору К. И. (ред. Ирина Карамушкина) менен макулдашып, ар бир добуш үчүн 1 000 сомдон берүү шарты менен шайлоочулардын добуштарын сатып алууну жүзөгө ашыргандыгы аныкталган»,- деп айтылат маалыматта.

Бишкек ШИИБи «көрсөтүлгөн жагдайлар «Социал-демократтар» саясий партиясынын шайлоо алдындагы штабын тинтүүнүн натыйжасында алынганын айтып, Роза Турксевер шайлоочулардын добуштарын сатып алуу үчүн 15 000 сомдон 30 000 сомго чейинки акча каражатын 40тан ашык адамга бөлүштүрүү жөнүндөгү тизмени жана процессуалдык тартипте алынган 28 300 сом суммадагы акча каражатын жок кылууга аракет кылганын билдирди.

Милиция аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) менен кылмыш иши козголгонун жана мунун негизинде Роза Турксевер менен Ирина Карамушкина шектүү катары убактылуу кармоочу жайга камалганын маалымдады.

Сүрөт: Бишкек ШИИБ

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты