Мигранттардын Орусияга агымы акыркы 10 жылдагы эң төмөнкү чекке түштү

  • 2 месяца мурун

2023-жылдын жыйынтыгы менен Орусияга 560,4 миң чет өлкөлүк кирген. Бул Украинада согуш башталган 2022-жылдагы көрсөткүчкө (730 миң) салыштырмалуу 23% аз. Бул тууралуу Росстат мекемесинин маалыматында айтылат.

Орусияга кирген чет өлкөлүктөрдүн үчтөн бири Тажикстанга, 10% Кыргызстанга, 9 пайыздан Украинага, Арменияга, Казакстанга жана 4% Өзбекстанга туура келет. Мындан тышкары Орусияга Беларус, Кытай, Түркмөнстан, Индия жана башка өлкөлөрдөн мигранттар барган.

2023-жылы Орусияга баргандардын 55% эркектер, 45% аялдар болсо, көбүн (76%) эмгекке жарамдуу курактагылар түзгөн. Алардын үчтөн бири гана өлкөгө иштөө максатында келгенин билдиришкен.

Былтыр Москва жана Тюмень облустары, ошондой эле Ханты-Мансы автоном округу баарынан көп мигранттарды кабыл алышкан. Өлкөгө кирген мигранттардын 57% ушул аймактарга туура келген.

Өткөн жумада Орусиянын Томск облусунда мигранттарга такси, коомдук тамактануу жана билим берүү тармагы баштаган бир катар жумуштарда иштөөгө тыюу салынган. Муну менен Томск мигранттарга мындай чектөөлөр кирген Орусиянын 14-аймагы болуп калды.

Быйыл жазында Москва облусундагы «Крокус Сити Холл» концерттик залында болгон теракттан кийин Орусияда мигранттарга карата ксенофобиялык маанай күчөгөн.

Сүрөт: Орусия ИИМ, Красноярск крайы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты