Мэрия Бишкекте жаңы гүл бак ачылганын билдирди

  • 4 недели мурун

Бүгүн, 25-сентябрда Бишкек шаарындагы Ахунбаев жана Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы гүл бакчанын (сквер) ачылыш аземи болду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, гүл бакчанын аянты 4173 чарчы метрди түзөт. Аянтта шахмат үстөлдөрү жана стол тенниси үчүн аянтчалар орнотулган. Балдар аянтчасы желим төшөлмө менен капталып, балдар үчүн оюн элементтери менен жабдылган.

Мындан тышкары, тренажерлору бар воркаут аянтчалары курулуп, гүл бакчанын 814 чарчы метри жасалма шибер менен кооздолгону айтылды.

«Бул жаңы коомдук жай тургундар үчүн эң сонун эс алуучу жайга айланат деп ишенебиз»,-деп айтылат мэриянын маалматында.

Ошондой эле курулуш иштери «ВМ Ассистент» ЖЧКсы подряддык уюм тарабынан жүргүзүлгөнү белгилүү болду.

Сүрөт: Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты