“Мелис Турганбаев сальто жасап жатат” деген маалымат фейк (Фактчекинг) 

“Фейсбук” социалдык тармагынын айрым колдонуучулары, “Мелис Турганбаев 61 жашында бир нече жолу рондат сальто жасап жатат” деп эски, тагыраагы 2019-жылы тараган видео менен бөлүшүшкөн. 

Анда, “Мелис турганбаев 61 жашында акробатик ашып, формасын сактап жүрөт экен. Тазабек Икрамов, Шайлообек Атазов сиздер дагы акробатик аша аласыздарбы?”, —  деп жазылган. 

“Мелис Турганбаев сальто жасап жатат” деген маалымат фейк (Фактчекинг) 

Журналист Токтосун Шамбетов аталган видео фейк видео экендигин жазып, “Фейсбук” колдонуучусу Кубаныч Турдалиевдин посттун бөлүшкөн. 

Ушул фейк видеонун тарап жатканына 3-4 жыл болду. Бу кыргыз неге өзүнө жаккан маалыматка ишенгиси келе берет”, — деп жазылат постто. 

“Мелис Турганбаев сальто жасап жатат” деген маалымат фейк (Фактчекинг) 

Бирок, Жаз Айым Айдекова аттуу “Фейсбук” колдонуучусу аталган видеодогу Мелис Турганбаев экенин айтып, генерал спорт мектебин аяктаганын кошумчалап жазган. 

Калп! Мелис Турганбаев эмес” дегендер үчүн… Генерал спорт мектебин аяктаганын билбесеңер керек”, — деп жазган ал өзүнүн баракчасында. 

“Мелис Турганбаев сальто жасап жатат” деген маалымат фейк (Фактчекинг) 

Айтор, жарыяланган эски видеонун айланасында эки ача пикир жаралган. Бири видеодогу генерал Мелис Турганбаев дешсе, экинчиси ал эмес экендигин жазышкан. 

Ал эми генерал Мелис Турганбаев, Sputnik.kg маалымат агенттигине маек берип жатып, тарап жаткан видео боюнча: “Ооба, мен ал видеону көрдүм, бирок эсимде жок. Башка темада сүйлөшөлү”, — деп билдирген. 

“ПолитКлиника” медиасы, аталган видеодо сальто жасаган адам ким экендигин текшерип көрдү. 

Видеодогу окшоштуктар

Алгач эле, видео тартылган спорт залына окшош жайды интернет булактарынан карап көрдүк. Жыйынтыгында, аталган видео Карачай-Черкес республикасынын Теберда шаарындагы спорт комплексинде тартылгандыгын аныктадык. Мисалы, видеодогу “Спорт Теберда” деп жазылган көрнөкчөнү жана Теберда шаарындагы “Озерный” деп аталган форель чарбачылыгынын жарнамасын көрүүгө болот. Андан сырткары, спорт залдын ичи дагы окшош. 

“Мелис Турганбаев сальто жасап жатат” деген маалымат фейк (Фактчекинг) 

Видеодо көрүп жаткан, “Спорт Теберда” деген аталыштагы “Инстаграм” баракчаны таптык. Биз сөз кылып жаткан видео алгач, 2019-жылы 12-мартта “Расул Чомаев муну менен баары айтылган” деген аталыш менен дал ушул баракчага жүктөлгөн.

“Мелис Турганбаев сальто жасап жатат” деген маалымат фейк (Фактчекинг) 

2021-жылы Baza_ozernyi “Инстаграм” баракчасы ушул эле видео менен бөлүшүп, “МашАллах, тренер из города Карачаевск Расул Чомаев” деп жазган. Видеонун астындагы комментарийлерде машыктыруучу Расул Чомаевдин инстаграммдагы жеке баракчасын белгилешкен. 

“Мелис Турганбаев сальто жасап жатат” деген маалымат фейк (Фактчекинг) 

Расул Чомаев деген ким? 

Карачай-Черкес республикасынын Спорттук машыгуу борборунун эркин күрөш боюнча башкы машыктыруучусу. 2019-жылы Карачай-Черкес республикасынын башчысынын указы менен ага “Эмгек сиңирген машыктыруучу” наамы берилген

“Мелис Турганбаев сальто жасап жатат” деген маалымат фейк (Фактчекинг) 

Жыйынтык: Социалдык тармактарда тарап жаткан видеодогу адам — генерал Мелис Турганбаев эмес. Ал Карачай-Черкес республикасынын Спорттук машыгуу борборунун эркин күрөш боюнча башкы машыктыруучусу Расул Чомаев деген адам. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты