Мелис Турганбаев күрөш федерациясынын жетекчилигинен кетти   

  • 2 недели мурун

Азия бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун бюро мүчөсү , ардагерлер арасында дүйнө чемпиону, генерал-майор Мелис Турганбаев Кыргызстандын күрөш федерациясынын жетекчилигинен кетти.

Бул тууралуу Мелис Турганбаев Фейсбук баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.

“Ар нерсенин өз учуру болот эмеспи, ошондуктан, 26 жылдан бери федерациянын жүгүн көтөрүп келгендиктен, жаштарга кезек берүү максатында аларга жол бошотуп, федерация жетекчилигинен кетүү чечимин кабыл алдым” деди Мелис Турганбаев.  

“Бирок, бала кезден бери күрөш дүйнөсүндө өсүп-жетилип, ушул даражага жетишиме себепкер болгон спорт чөйрөсүнөн биротоло кетпей, жаштарга эл аралык деңгээлде кеңештеримди айтып, бай тажрыйбамды бөлүшүп турам. Мен сиздерге, өлкө жетекчилигине Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан күрөш балбандарын колдоого алганыңыздар үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем. Келечекте 2028-жылкы Лос-Анжелесте өтө турган Олимпиада оюндарында кыргызстандык балбандар алтын байгелерди утуп кетишине терең ишенем” деп кошумчалады Турганбаев.  

Мелис Турганбаев 2021-жылдын 3-декабрында 2024-жылдын аягына чейин Олимпиадалык циклге Күрөш федерациясынын президенти болуп шайланган.

Сүрөт: Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты