Мектептерге жайкы эмгек практикасы кайрадан киргизилди

  • 1 месяц мурун

Кыргызстандагы мектептерде окуучулар үчүн жайкы эмгек практикасы кайрадан киргизилди. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттиги Бишкектеги Билим берүү департаментине шилтеме жасап, жазып чыкты.

Маалыматта айтылгандай, аталган буйрук Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 16-августта чыккан. Ага ылайык жарандын адеп-ахлактык сапаттарын тарбиялоо, жаратылышка жана айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоого, эмгекке үйрөтүү жана кесиптик кызыкчылыктарын өнүктүрүү максатында 5-8 жана 10-класстарга жайкы эмгек практикасы киргизилген. Ал эми 9-11-класстарда мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация болгондуктан бул иш аларга тиешелүү болбойт.

«5-7-класстар үчүн 7 күндүк иш практикасы күнүнө эки академиялык сааттан, 8-класстар үчүн 2 сааттан 10 күндүк практика, 10-класстар үчүн 3 сааттан 14 күндүк практика белгиленет»,- деп айтылат маалыматта.

Эмгек практикасынын кайсы убакта болорун жана андагы жасалчу иштердин тизмесин билим берүү уюмдарынын педагогикалык кеңеши аныктайт. Ошондой эле эмгек практикасы мектептин аймагында өтүшү керектиги жана балдарды айыл чарба жумуштарына тартууга жол берилбей тургандыгы айтылды.

Маалыматка ылайык, жайкы эмгек практикасы 2017-жылы мектеп программасынан алынып салынган.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты