Meken ноутбуктары 35 миң сомго сатылары айтылды

  • 2 месяца мурун

«Кыргызэлектроника» мамлекеттик ишканасы чогултуп жаткан «Meken» ноутбуктары 35 миң сомдон сатылат. Бул тууралуу «Kloop» медиасы «Кыргызэлектрониканын» төрагасы Илья Черныйга шилтеме жасап, жазды.

Илья Черныйдын айтымында, Билим берүү министрлиги үчүн баа бир топ төмөн болот. Ал муну буйрутмалардын көлөмүнө жана комплектөөнүн өзгөчөлүгүнө байланыштуу деп түшүндүргөн. Ошондой эле, ал ири өлчөмдөгү буйрутмалар болсо, ноутбуктардын баасы 5 миң сомго чейин арзандашы мүмкүн экендигин айткан.

Маалым болгондой, ноутбуктар 12-муундагы Intel Core i5 процессору, 8 ГБ оперативдүү эс тутум, 256 ГБ катуу диск, 14 дюймдук экран жана 5000 мАч сыйымдуу батарея менен жабдылат.

«Кыргызэлектроника» келечекте Meken ноутбуктарын экспорттоону пландап жатат, бирок азырынча жергиликтүү базарга гана багытталууда» деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, буга чейин “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомунун туунду ишканасы «Кыргызэлектроника» ЖЧКсы өз өндүрүшүнүн негизинде Meken брендиндеги ноутбуктарды чогултуу процессин баштагандыгы белгилүү болгон.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты