«Медиазона»: Орус полициясы Астанада дезертирди уурдап, Омскиге алып кеткен

  • 2 недели мурун

Астанада орус полициясы дезертирликке айыпталган тюмендик Камил Касимовду уурдап кеткени белгилүү болду.

Mediazona билдиргендей, окуя 2024-жылдын апрель айында болгон. Алгач Касимовду Казакстандагы жабык аскер бөлүгүнө, андан соң Омскиге алып барып, алты жылга күчөтүлгөн режимдеги колонияга кесишкен. Аны кармоо үчүн орус полициясы Казакстанда он күн жүргөн.

Казак укук коргоочулары Касимовду өткөрүп берүүгө жергиликтүү полиция жардам берген болушу мүмкүн дешет, бирок Ички иштер министрлиги муну четке кагууда. Кишинев конвенциясына ылайык, дезертирлик боюнча айыпталгандарды экстрадициялоого тыюу салынат.

Касимов 2021-жылы Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзүп, бирок Украинада согуш башталгандан кийин фронтко кайтып барбоону чечип, Казакстанга көчүп, ал жактан жашап турууга уруксат алган.

Сүрөттө: Камил Касимовдун аскердик билети

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты