Медиасын: Кыргызстанда фотожурналистиканын актуалдуулугу

Кыргызстандын ЖМКларында акыркы жылдары өлкөнүн ар кайсы бурчунда, түрдүү шарттарда жашап жаткан адамдардын тагдырын сүрөттөр аркылуу баяндаган фотодолбоорлор жарыялана баштады. Мунун арты менен өлкөдө фотожурналистикага кызыккандардын саны дагы өсүүдө. Фотожурналистиканын Кыргызстандагы орду жана мааниси кандай?

Гезиттер онлайнга өткөн соң актуалдуулугун жоготкон фотокабарчылык

Фотожурналистика — окуялар, адамдар жана көйгөйлөр сүрөт аркылуу баяндалган журналистиканын өзгөчө формасы. 

Фотожурналистика адатта жаңылыктарга багытталган, репортаждык жана документалдык жанрларга бөлүнөт. Кыргызстанда гезиттер популярдуу болуп турган кезде фотокабарчылар материал үчүн атайын сүрөттөрдү тартып келишкен. Ал эми технологиянын өнүгүшү менен гезиттер онлайнга өтүп, желедеги басылмалар көбөйгөндө фотокабарчылыкка болгон талап азайды. Мунун бирден-бир себеби — ар бир адамдын колундагы смартфону менен окуя болгон жерде сүрөт тартып, оперативдүү түрдө желеге тарата алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу. 

Медиасын: Кыргызстанда фотожурналистиканын актуалдуулугу
Кыргызстандагы сөз эркиндигин коргоого арналган жөө жүрүштө смартфонго тартылган сүрөт. Автору Айбек Бийбосунов, Бишкек, 25-ноябрь 2022-жыл.

Фотожурналист Даниль Усманов учурда ЖМКлар сүрөттүн сапатына анча маани бербестен, аны ылдам таратууга басым жасашарын айтат:

Мурда гезиттерге сүрөт талап кылынчу жана жаңылыктар порталдарында фотографтар иштечү. Азыр алардын бардыгы жоюлуп жатат. Редакциялар жөн эле фотоаппарат сатып алышат, аны ар ким алып тартып келе берет, же смартфонго тартканга аракет кылышат. Бул жерде басым сапатка эмес, ылдамдыкка жасалууда”.

Усманов учурда сүрөткө караганда видео көбүрөөк бааланарын айтып, жергиликтүү деңгээлде фотография өз позициясын жоготконун белгилейт. Ошол себептен жергиликтүү фотожурналисттердин көбү чет өлкөлүк басылмаларга иштешет. 

Reuters агенттиги үчүн сүрөттөрдү тартып жүргөн кыргызстандык фотожурналист Владимир Пирогов дүйнөдө фотокабарчылык мурдагыдай эле актуалдуу экенин айтып, болгону айрым жерлерде фотокабарчыдан видео дагы талап кылынып калганын билдирди. Ал сүрөткө салыштырмалуу видео көбүрөөк информативдүү экенин моюнга алуу керек деп эсептейт. 

Медиасын: Кыргызстанда фотожурналистиканын актуалдуулугу
Аксы окуясында каза болгондордун өлүмүнө күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу талабы менен өткөн митингде тартылган сүрөт. Автору Владимир Пирогов, Бишкек, 15-ноябрь 2002-жыл. Бул сүрөт дүйнөлүк World Press Photo сынагында “Жалпы жаңылыктар” номинациясы боюнча жеңүүчү болгон.

Фоторепортаждар үчүн орун ачылды, бирок каржылык колдоо жок

Кыргызстанда онлайн медианын өнүгүүсү фотожурналистиканын башка жанры — фоторепортаждын жандануусуна жол ачты. Пирогов гезиттердин онлайн форматка өтүүсү менен орундар кеңейип, көлөмдүү фоторепортаждар жасала баштаганын белгиледи.

Фоторепортаж жанрында долбоорлорду жасап жүргөн Гулиза Урустамбек кызы акыркы жылдары окурмандар арасында фотодолбоорлорго кызыккандардын саны өскөнүн айтат: 

Мисалы, мен 2021-жылы “Кыргызстан элинин үмүтү жана тынчсыздануусу” деген фотодолбоордун алкагында бир жөнөкөй эле фельдшердин 10 км аралыкты жөө басып жумушка барып келгенин, жолдо унаалардын чаңында калып калган сүрөттөр менен баяндап бергенде абдан таасирдүү болуп, окурмандардан жакшы кайтарым байланыш алганбыз”. 

Медиасын: Кыргызстанда фотожурналистиканын актуалдуулугу
Үйүнөн 5 чакырым алыстыктагы коңшу айылга жөө барып, келип иштеген фельдшер. Автору Гулиза Урустамбек кызы, Кочкор, сентябрь 2021-жыл.

Гулиза өлкөнү кыдырып фотодолбоорлорду жасагандар эл арасында фотографтар жөнүндөгү стереотиптерди дагы жок кылып жатканын белгиледи:

Көбүнчө фотограф дегенде бизге чет өлкөлүк, жашы улуураак адамдар элестейт да. Мисалы, мен фотографмын десем, “бизде дагы аракет кылгандар бар экен” деп көбү жакшы кабыл алышат. Сүрөттөрүн көрсөтүп же көргөзмөгө чыгарсаң, ансайын сүйүнүшөт. Фотографияны өнүктүргүлө деп жакшы кабыл алган аудитория бар”. 

Бирок ал Кыргызстанда фотожурналистикага багытталган редакциялар болбогондуктан жана жалпысынан фотография бааланбагандыктан бул жанр үчүн татыктуу маяна төлөнбөсүн, ошол себептен бул жанрда кызыгуусу күчтүү адистер гана иштерин айтат. 

Гулиза Урустамбек кызынын айтымында, ушул тапта Кыргызстанда фотодолбоорлорду каржылоого эл аралык уюмдар гана кызыктар. Ошондуктан Кыргызстанда жалаң фотожурналистика менен жан багуу дээрлик мүмкүн эмес. 

“IDEA Борбор Азия” уюму акыркы жылдары MediaJasa долбоорунун алкагында фотодолбоорлорго колдоо көрсөтүп келет. Уюмдун аткаруучу директору Айзат Русланова фотодолбоорлорго эки себеп менен басым жасалып жатканын айтат: 

Биринчиси — фотографиянын окурманга окуяны, көйгөйдү өз алдынча аңдап, түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берүүсү. Видео жана текст түрүндөгү материалдарда мурдатан белгилүү бир ой салынып, окурман аны жөн гана кабыл алса, фотодолбоорлор андагы нерсени өз алдынча анализдегенге мейкиндик берет”.

Русланованын айтымында, уюмдун фотодолбоорлорду колдоого алып жатканынын экинчи себеби — Кыргызстанда фотографиянын өз алдынча инструмент жана искусствонун элементи катары олуттуу кабылдандышына жетүү аракети.

Бизде фотография жетишерлик деңгээлде бааланбайт. Адатта ал текст жана видео түрүндөгү материалга кошумча тиркеме катары эле берилет. Ошондуктан биз акыркы жылдары фотография өз алдынча инструмент жана искусствонун элементи катары олуттуу кабылдандышы үчүн фотожурналисттерди колдоого аракет кылдык”, — деди Айзат Русланова.

Медиасын: Кыргызстанда фотожурналистиканын актуалдуулугу
IDEA CA уюмунун колдоосу менен жасалган “Жол” фотодолбоору. Сүрөттүн автору Найзабек Мукамбетов, Чүй, декабрь 2022-жыл.

Каржылык колдоодон тышкары Кыргызстанда журналисттерге кесипкөй фотография боюнча билим берген студиялар жокко эсе. Акыркы жылдары ар түрдүү иш-чараларда, студияда жана жарнама үчүн сүрөт тартууну үйрөткөн курстар ачылып жатканы менен, алардын биринде дагы журналисттерге багытталган окутуулар жок. 

2010-жылдан 2014-жылга чейин кыргызстандык фотограф Георгий Колотов документалдык фотография боюнча окутууларды өткөн. Бирок кийин АКШга көчүп кеткенине байланыштуу бул ишмердүүлүгүн токтоткон.

Даниль Усмановдун айтымында, Кыргызстандагы фотожурналисттердин көбү Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы «Докдокдок» заманбап фотография мектебинде билим алышкан. Ал эми Гулиза Урустамбек кызы кесипкөй фотографияны Кыргыз-Түрк Манас университетинде Фахри Тархан аттуу окутуучудан үйрөнгөн.

Сүрөттүн баасы, автордун кадыры жок

Гулиза Урустамбек кызы Кыргызстанда фотожурналистиканын өнүгүшүн артка тарткан дагы бир себеп автордук укуктун сакталбашы деп эсептейт. 

Бизде бир эле фотографияда эмес, карикатура, видеолордо дагы автордун укугу сакталбайт. Айрыкча, майда сайттар сүрөттү интернеттен алып эле кое беришет. Буга эч ким деле кейибейт. Мээнет кылып тарткан сүрөтүңө эч кандай тиешең жок болуп калат. А мээнет бааланбаган жерде бир жанрдын өнүгүшү кыйын да”, — дейт фотожурналист.

Ал чет өлкөлүк ири басылмалардын өзүнүн фото архиви болорун, андагы ар бир сүрөт сатылып алынып, автордун аты-жөнү менен гана жарыяланарын белгилеп, бул практика Кыргызстанда дагы пайдаланылышы керек экенин айтты.

Кыргызстандагы өзүнүн ири фото архиви бар саналуу медиалардын бири “Азаттык” үналгысы. “Азаттыктын” медиа менеджери Мирланбек Токталиев сүрөттөр көп жылдардан бери системалуу түрдө хард-дисктерде сакталып келгенин, акыркы жылдары сапатты оңдоо жана фотоматериалдарды издегенге ыңгайлуу болушу үчүн сайтта атайын база түзүлүп, сүрөттөр деталдуу маалыматтар менен сактала баштаганын билдирди. 

Токталиев Кыргызстанда санариптик мейкиндикте автордук укукту сактоо боюнча абал мындан беш жыл мурункуга салыштырмалуу бир аз болсо дагы жакшырганын айтат:

Мындан беш жыл мурун санариптик мейкиндикте автордук укук такыр сакталчу эмес. Азыр жайдан болсо дагы абал жакшырып келе жатат. Өзүн сыйлаган редакциялар сүрөт, видео, аудиону колдонуу үчүн уруксат сурап, сайтка жайгаштырганда авторду көрсөтүп калышты. Бирок бул нерсеге контент жаратып жаткан ар бир адам, ар бир редакция көнүшү керек”. 

Медиасын: Кыргызстанда фотожурналистиканын актуалдуулугу
“Азаттыктын” сайтынын скриншоту

“Сүрөттөр согушту токтото албаса дагы тарых болуп калат”

Фотожурналистика, айрыкча, өлкөдөгү саясий толкундоолор жана чек ара жаңжалдарын чагылдырууда жана бул окуяларды документтештирүүдө маанилүү роль ойнойт. Бир жагынан бул окуяларда тартылган сүрөттөр чет элдик медиаларда жарыяланып, дүйнө коомчулугун кабардар кылса, экинчи жагынан тиешелүү органдар окуяны документтештирүүдө сүрөттөрдү далил катары колдонот. 

Медиасын: Кыргызстанда фотожурналистиканын актуалдуулугу
Тажикстандын куралдуу кол салуусунан кийин үйүнүн урандыларын иргеп жаткан адам. Автору Даниль Усманов, Баткен, Капчыгай айылы, сентябрь 2022-жыл.

Даниль Усманов акыркы жылдары мамлекеттик органдар чек ара жаңжалдарын каттоодо сүрөттөр маанилүү экенин түшүнүп, окуяны чагылдыруу үчүн барган журналисттерге көмөктөшүүгө аракет кылып калышканын айтат:

Өткөн жылы сентябрда Чек ара кызматы бизге көбүрөөк мүмкүнчүлүк берди. Мамлекеттик органдар муну тартуу, каттоо маанилүү жана зарыл экенин түшүнө башташты. Бул деген тарыхтын бир бөлүгү да”. 

Усманов анткен менен жергиликтүү тургундар фотоаппараттын объективине илинип калуудан коркушарын айтат. Себеби, буга чейинки жаңжалдар учурунда сүрөткө же видеого түшүп калган жарандар суракка чакырылып, териштирүүлөр жүргөн. Бир жагынан кагылыш учурунда эвакуацияланган жарандар сүрөттөр интернет желесине тарап кетсе, Тажикстандын аскерлери алар баш калкалаган жерди таап алышат деп кооптонушат. 

Медиасын: Кыргызстанда фотожурналистиканын актуалдуулугу
Мектептин спортзалына эвакуацияланган баткендиктер. Автору Гулиза Урустамбек кызы, Баткен, сентябрь 2022-жыл.

Даниль учурда Баткендеги чек ара чырлары тууралуу фотодолбоор жасоого ниеттенип жатканын билдирди. Ал мындай долбоорлор маселени чечпесе дагы тарых болуп калат деп эсептейт.

Вьетнам согушунда балдар жылаңайлак качып бараткан учурда тартылган белгилүү сүрөт бар эмеспи. Ошол сүрөт бул согушту бүтүрүү үчүн протесттердин башталуусуна себеп болгон. Бирок азыр дүйнө андай сүрөттөргө толуп кетти. Бул нерсе адамдарда мурдагыдай шок жаратпай калды. Анткени алар мындай ырайымсыз сүрөттөрдү көп көрүп коюшту. Менимче, мындан ары сүрөт менен согушту токтотуу мүмкүн эмес. Бирок ошентсе дагы сүрөт аркылуу эмне болуп жатканын айтып берсе болот. Эгер ал жаңжалды чечүүгө эч кандай таасир этпесе, анда ал тарыхта калат жана келечекте билим берүү максатында дагы колдонулушу мүмкүн”. 

Медиасын: Кыргызстанда фотожурналистиканын актуалдуулугу
Вьетнам согушунун символдорунун бири болгон белгилүү сүрөт. Автору Ник Ут, Чангбанг айылы, 8-июнь 1972-жыл.

Анткен менен бир сүрөт бир адамдын жашоосун өзгөрткөн учурлар бүгүнкү күндө дагы болуп келет. 2015-жылы филиппиндик студент кыз Джойс Гилос-Торрефранка Фейсбук баракчасына көчөдө “Макдональдс” ресторанынын жарыгы алдында тапшырма жазып отурган 9 жашар Даниэль Кабрэранын сүрөтүн жарыялаган. Сүрөт саналуу күндөрдүн ичинде интернетте кеңири тарап, Buzzfeed, The Daily Mail, The Telegraph сыяктуу медиаларда жарыяланган. 

Медиасын: Кыргызстанда фотожурналистиканын актуалдуулугу
Жакын жердеги ресторандын жарыгы алдында тапшырма жазып отурган Даниэль Кабрэра. Автору Джойс Гилос-Торрефранка. Мандауэ шаары, Филиппиндер, июнь 2015-жыл.

Сүрөттүн каарманы Даниэль Кабрэра жалгыз бой апасы жана эки бир тууганы менен жарыгы жок соода күркөсүндө жашары, ошондуктан кечкисин үй тапшырмасын жакын жердеги “Макдональдстын” жарыгы алдында жазары белгилүү болгон.

Сүрөт интернетке тарап кеткенден кийин атайын эсеп ачылып, чогулган каражат Даниэлдин колледждеги окуусуна, керектүү окуу-куралдарын жана лампа сатып алууга жумшалган. Калган каражат Даниэлге окшош жагдайда жашаган филиппиндик балдарга жардам берүүгө кеткен.

Автор: Чынаргүл Жумабекова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты