Медиасын: Көз карандысыз медианын иликтөөсүнө каршы мамлекеттик каналдын атайын берүүсү

Медиасын: Көз карандысыз медианын иликтөөсүнө каршы мамлекеттик каналдын атайын берүүсү

10-апрелде “МедиаХаб” “Кутурган курулушчу, куткаргыч сот, купуя жолугушуу” аттуу баштема менен кезектеги иликтөөсүн жарыялады. Анда Бишкектин Жал кичирайонундагы “Аалам Строй” курулуш компаниясы курган көп кабаттуу үйлөрдүн абалы, турак жайдын курулушундагы мыйзамсыз иштер жана бул иштерге Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Азис Эшалиевдин байланышы бар экени айтылат.

Иликтөө чыккандан кийин “ЭлТР” телеканалы атайын репортаж даярдап, “МедиаХабдын” иликтөөсүндө судья Азис Эшалиев тууралуу айтылгандарды четке каккан. 16 мүнөттүк репортажда судья өзү дагы маек берип, окуя боюнча түшүндүрмө берген.

Көз карандысыз медиа жасаган иликтөөнүн артынан мамлекеттик телеканалдын атайын берүү даярдап, иликтөөдө айтылган маалыматтарды төгүндөөсүнө эмне себеп болду? 

ЭлТР комментарий берүүдөн баш тартты

“ЭлТР” телеканалынын башкы директору Эрлан Догдурбеков репортаж чыккандан кийин Фейсбук баракчасында “Иликтегендерди ЭлТР телеканалынын кызматкерлери иликтеди” деп билдирүү калтырган. Бирок ал бул материалды даярдоого эмне себеп болгонун жана репортаждагы негизги максат эмне экенин сурап кайрылганыбызда комментарий берүүдөн баш тартты. 

Ал эми материалды даярдаган журналист Айгерим Жаныкул Фейсбуктагы баракчасында “МедиаХабдын” иликтөөсүндөгү “судья Азис Эшалиев компаниянын өкүлү менен жолуккандан кийин алардын пайдасына чечим чыгарган” деген маалыматты төгүндөшкөнүн, судья чечимди сөз болуп жаткан компаниянын пайдасына эмес, мамлекеттин пайдасына чечкенин аныкташканын жазган. 

Али Токтакуновдун маалыматы жалган болуп чыкты, аны фактылар менен көрсөттүк”, — деп жазган журналист. 

“ЭлТР” телеканалынын дагы бир кабарчысы Акмөөр Нурдинова ЭлТР “ар кимдин заказной, эптемей, гонорар актамай чын-калпын чыгарып келе жатканын” жазган.

Анча-мынчаларга салыштырмалуу эч кандай доллар албайбыз, болгону элге чындыкты көрсөтүп беребиз! Элдин мээсин он айлантып, жалган маалымат менен мээ жуу жагынан алдыга киши салышпайт “өнүккөн, демократияны карманган коллегаларыбыз”… ЭлТР чындыкты көрсөтүүнү, айтууну уланта берет”, — деген Нурдинова.

“МедиаХаб” эмне дейт?

Сөз болуп жаткан иликтөөнүн авторлорунун бири Мээрим Айныкеева ЭлТРдин “иликтөөдөгү маалыматтар калп, бурмаланган” деген айыптарын четке кагып, иликтөөдө айтылгандардын баары боюнча далилдер бар экенин билдирди.

Мен иликтөөнү жүргүзгөн журналист катары айтып кетет элем, иликтөөдө эч кандай маалымат бурмаланган эмес. Эгер кандайдыр бир далилдерди сурай турган болсо, биз баарын көрсөткөнгө даярбыз”, — деди Айныкеева.

Ал иликтөөдө көрсөтүлгөн судья Эшалиевдин кафедеги жолугушуусу кокустук эмес экенин тастыктоочу дагы видеолор бар экенин кошумчалап, ЭлТР бул жолугушууну кокустук катары көрсөтүү менен маалыматты бурмалап жатканын билдирди.

Мындан тышкары, ал иликтөөдөгү негизги максат бирөөнү жамандоо эмес, сапатсыз курулуш, анын артындагы мыйзам бузуулар жана судьянын мыйзамга каршы жүрүм-турумун көрсөтүп берүү болгонун белгиледи. 

Элдин дааттануусунан улам ошол жерди иликтеп жатып, анын артынан мыйзам бузуу фактыларын таба алдык. Биринчи эле, ал жердеги үйлөр мыйзамсыз, бир дагы уруксаты жок, өз билемдик менен салынган. Ортодо прокуратура, мамлекеттик экотехинспекция, мэрия тараптан “курулуш мыйзамсыз, токтотулсун” деп эскертүү берилгенине карабастан, курулуш уланган. Ошонун айынан учурда ал үйлөр эксплуатациядан өтө элек. Эксплуатациядан өтө элек болгон үчүн тургундар коммуналдык төлөмдөрдү коммерциялык тариф менен төлөп жатышат. 13 кабаттан турган 3 үй ушинтип мыйзамсыз салынып жатса, демек, кандайдыр бир коррупциялык иштер сөзсүз болот. Анын артынан издеп отуруп, Эшалиевдин чечимине келдик. Эшалиевдин чечиминен кийин Иманалиевдер менен жолугушуусу жөн жолугушуу эмес деген күмөн саноолорду жаратат”, — деди Мээрим Айныкеева. 

“МедиаХабдын” башкы редактору Али Токтакунов дагы сөз болуп жаткан иликтөөдө фактылар так, даана көрсөтүлгөнүн айтып, мамлекеттик каналдардын журналисттери көз карандысыз медиалар жасаган иликтөөлөргө каршы материал жасоо менен бийликке көлөкө түшүрүп жатат деген пикирин билдирди:

Мамлекеттик каналдардын арзымат журналисттери көз карандысыз журналисттер көтөрүп чыккан маселелердин, антикоррупциялык иликтөөлөрдүн артынан түшүп, ошол мыйзамсыз иштерди кылган чиновниктерди коргогону өтө жат, бийликке көлөкө түшүрө турган гана нерсе. Булар ашкере кошомат менен бийликти тескерисинче жаман көрсөтүп жатышат”.

Токтакунов ЭлТР телеканалы мамлекеттик бюджеттен каржыланарын эске салып, коррупцияга байланыштуу маселелерди биринчилерден болуп мамлекеттик ЖМКлар иликтеши керек экенин кошумчалады. 

Экинчиден, ЭлТРдин журналисттери элдин салыгынан жан багат. Эмне үчүн ушундай темаларды булар иликтебейт? Улуттук коопсуздукка байланыштуу, коррупцияга байланыштуу маселелерди биринчи мамлекеттик телеканалдар иликтеши керек. Мен ошол кесиптештерди журналисттердин артын эле каза бербестен, коррупционерлердин, мыйзамсыз, акыйкатсыз чечимдерди чыгарган соттордун артынан түшүүгө чакырам. Ошондо элдин мүдөөсүн аткарган болушат”, — деди Али Токтакунов.

Анын айтымында, иликтөөдөгү негизги максат мыйзамсыздыкты, моралдык-этикалык нормадан тышкары жүрүм-турумду ашкерелеп көрсөтүү болгон. 

Антииликтөөлөр эмнеден улам жасала баштады?

Белгилей кетсек, бул мамлекеттик телеканалдардын көз карандысыз медиа жүргүзгөн иликтөө боюнча жасаган биринчи материалы эмес. Буга чейин КТРКнын “Ала-Тоо 24” каналы “Темиров Лайвдын” Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Казакстанга сапары тууралуу иликтөөсүнө каршы “Болот Темировдун маалыматтык манипуляциясы” деген репортаж жарыялаган. Кийин ЭлТР “ПолитКлиника” медиасынын “Мегакомдун” сатылышына байланыштуу иликтөөсүндө дагы маалыматтар бурмаланганын айтып, атайын берүү даярдаган.

Медиаэксперт Айбек Турдалиев мамлекеттик телеканалдардын көз карандысыз медиалардын артынан, алардын иликтөөсү коомдо резонанс жараткандан кийин гана маселени көтөрүп жатканы туура эмес формат экенин айтты:

Негизи, мамлекеттик телеканалдар тигил же бул чечимдер, маселелер боюнча элде суроо жаралбаш үчүн алдын ала кененирээк маалымат бериши керек. Ошол эле Кемпир-Абад, “Мегаком”, Кумтөр же чуулгандуу алтын боюнча маалыматты коомго толук кандуу жеткириши керек эле.  А бизде азыркы тенденция тескерисинче болуп жатат. Көз карандысыз медиалар, журналисттер, активисттер, блогерлер маалыматты ачыктап чыккандан кийин кайра аларга контраргумент катары “андай эмес, мындай” деп адвокаттын ролун аткарып жатат”.

Эксперт журналисттердин ортосундагы мындай ажырымдын пайда болуусуна президенттин маалымат саясатын жүргүзгөндөрдүн иш-аракети себеп болуп жатат деген пикирин билдирди.

Буга чейин президенттин маалымат саясатын жүргүзгөндөр медиакоомчулук менен тыгыз байланышып, ошол эле эркин медианын оюна, пикирине толук кошулбаса дагы кандайдыр бир “уступкага” барчу. Азыр болсо конфронтация болуп жатат, ортодо чоң ажырым пайда боло баштады. “Өзүбүздүкүлөр жана башкалар” деген бөлүнүү бар. Бул абдан жаман көрүнүш”, — деди эксперт.

Президенттин администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган кандай гана маалымат болбосун ага реакция кыларын, эгерде далилдүү болсо жыйынтык чыгарып, жалган жалаа болсо жооп кайтарылышына кызыктар экенин билдирди.

Ачык айтып коеюн, [буга чейин] айрым чиновниктер же мамлекеттик мекемелердин кадыр-баркына шек келип, айыптоолорго туш болсо дагы унчукпай келишкен. Маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси катары кандай гана маалымат болбосун, ага реакция кылам. Эгерде далилдүү болсо жыйынтык чыгарып, жалган жалаа болсо жооп кайтарылышына биринчи кезекте кызыктармын. Керек болсо тараптарды бир аянтчага отургузуп, тактоо киргизүүнү уюштуруп бергенге даярмын. Тилекке каршы, сиздердин «ПолитКлиника» редакциясы дал ушундай сунуштан баш тартып, качып койгонун дагы белгилегим келет”, — деди Орунбеков.

Ал иликтөөлөрдүн артынан жасалып жаткан материалдар иликтөөчүлөр калпты-чынды аралаштырып айта бербей, кесиптик ишине жоопкечиликтүү мамиле кылсын деген аракетте жасалып жатканын белгиледи.

Иликтөө деп жарыялап жаткан материалдар алгач далилдүү болуш керек. Тилекке каршы, айрым эркин медиалардын жана иликтөөчүлөрдүн материалдарында манипуляцияга, жалган маалыматтарга, бурмалоолорго орун берилип жатат. Аны ЭлТР жана УТРКнын журналисттери таап чыгып, фактылар менен көрсөтүп беришти. Эгерде иликтөө деп, жалган маалыматтарды таратуу болсо, мындан ары дагы тактоолор, жалгандын бетин ачуу уланат”, — деди Орунбеков.

ЖМКлар ортосундагы тирештин кесепети кандай болот?

Медиаэксперт Айбек Турдалиев мындай тенденция уланып, эркин медианын ишин токтотуп койгон күндө деле бийликтин тарапташтарынын арасында каршы тараптар пайда болуп, бири-бирин ыплас ыкмалар менен каралай башташарын айтты. 

Мындан тышкары, ал өлкөдө жүрүп жаткан маалыматтык саясаттын деңгээли өлкөнүн имиджине дагы таасир этерин белгилеп, азыркы учурда маалымат саясатын жүргүзүп жаткандар менен эркин медианын ортосунда медиатор керек экенин билдирди.

Бул биздин ичибизде эле болуп жаткан кагылышуу эмес. Бул биздин деңгээлибиз канчалык төмөн түшүп калганын кошуна өлкөлөргө, башка өнүккөн өлкөлөргө көрсөтөт. Ошол үчүн азыркы учурда маалымат саясатын жүргүзүп жаткандар менен эркин медианын ортосунда медиатор керек. Алар менен орток бир аянтча түзүп, “биз силерге душман эмеспиз, биз болгону коомдогу болуп жаткан терс көрүнүштөрдү, коррупциялык схемалардын бардыгын ашкерелеп чыгарып жатабыз. Биз силерге колуңарга кол, бутуңарга бут болуп, тескерисинче, жардам көрсөтүп жатабыз” дегендей форматта иш болуш керек”.

Турдалиев ортодогу медиатор ишин аткарса, маалымат саясатын жүргүзгөндөр менен эркин медианын ортосунда тирешүү токтоп, конструктивдүү, бир беткей, бири-бирин түшүнүү менен кабыл алып иштей тургандай ыкмага өтөт деген тилегин билдирди.

Чынаргүл Жумабекова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты